Бирге өнүгөлү: туруктуу каржылоо аркылуу дыйкандарды өндүрүштүк-сатык чынжырчаларына интеграциялоо.

Бирге өнүгөлү: туруктуу каржылоо аркылуу дыйкандарды өндүрүштүк-сатык чынжырчаларына интеграциялоо.

2026-жылдын 12-августунда Кыргыз Республикасынын  Финансы министрлигинде “Кошумча нарк чынжырчаларын агро каржылоо”  долбоорун ишке ашыруунун алкагында коммерциялык банктын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү. Долбоор Европа Биримдиги, Европа инвестициялык банкы жана Германиянын өнүктүрүү банкы (KfW) аркылуу каржылоону ишке ашырып жаткан Германиянын экономикалык кызматташтык жана өнүгүү Федералдык министрлиги (BMZ) тарабынан биргелешип каржыланат.

Бул жолугушуу Германиянын экономикалык кызматташтык жана өнүгүү Федералдык министрлиги (BMZ) тарабынан Германиянын өнүктүрүү банкы (KfW) аркылуу бөлүнгөн 9 миллион евро гранттан турган долбоордун каржылык компонентин ишке киргизүүгө арналды.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги гранттык каражаттарды тандалып алынган коммерциялык банктар: “Демир Кыргыз Интернэшнл Банк” ЖАК, “AБанк” ААК, “МБанк” ААК жана “O!Банк” ААК аркылуу бөлүштүрөт.

Гранттык каражаттар айыл чарба кошумча нарк чынжырчаларына катышкан микро, чакан жана орто ишканаларга (МЧОИ) улуттук валютада насыяларды берүү үчүн жумшалат. Бул насыялар айыл чарба техникасын жана жабдууларын сатып алуу сыяктуу инвестициялык максаттар жана жүгүртүү капиталын толуктоо үчүн жети жылга чейинки мөөнөткө, жылдык 10% үстөк менен берилет.

Долбоор Кыргызстандын аймагы боюнча кошумча нарк чынжырчаларына кирген айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө жана кайра иштетүүчүлөрүнө каржылык колдоо көрсөтүү жана жардам берүү максатын көздөйт.