Бирге өнүгөлү: туруктуу каржылоо аркылуу дыйкандарды өндүрүштүк-сатык чынжырчаларына интеграциялоо.

Бирге өнүгөлү: туруктуу каржылоо аркылуу дыйкандарды өндүрүштүк-сатык чынжырчаларына интеграциялоо.

«Кошумча нарк чынжырчаларын агро каржылоо» долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасында лабораториялык изилдөөлөрдүн сапатын жогорулатууга багытталган заманбап билимдерди жана технологияларды өткөрүү боюнча иш-чаралар жыйынтыкталды.

2026-жылдын 18-29-май күндөрү Ветеринардык диагностика жана экспертиза борборунда Бишкек жана Ош шаарларынын лаборатория адистери үчүн практикалык тренингдер өткөрүлдү.

Окутуунун жүрүшүндө катышуучулар жаныбарлардан алынган продукцияларда ветеринардык дары каражаттарынын калдыктарын аныктоонун заманбап ыкмаларын өздөштүрүүнү улантып, тиешелүү лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүү боюнча практикалык көндүмдөрүн өркүндөтүштү.

Мындан тышкары, тренингдин алкагында лабораториялардын FAPAS (Food Analysis Performance Assessment Scheme) эл аралык программасына катышуусунун жыйынтыктары талданды. Бул программа лабораториялардын квалификациясын лаборатория аралык салыштырма сыноолор аркылуу баалоонун эл аралык системасы болуп саналат.

FAPAS программасына катышуу лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыктарынын сапатын жана ишенимдүүлүгүн объективдүү баалоого, лабораториялардын техникалык компетенттүүлүгүн тастыктоого жана сыноо ыкмаларын мындан ары өркүндөтүү багыттарын аныктоого мүмкүндүк берет.

Өткөрүлгөн иш-чаралар азык-түлүк коопсуздугун контролдоонун улуттук системасын чыңдоого, лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыктарына болгон ишенимди жогорулатууга жана ата мекендик продукциянын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.

Долбоордун алкагында лабораториялык потенциалды өнүктүрүү боюнча иштер мындан ары да улантылат.