Бирге өнүгөлү: туруктуу каржылоо аркылуу дыйкандарды өндүрүштүк-сатык чынжырчаларына интеграциялоо.

Бирге өнүгөлү: туруктуу каржылоо аркылуу дыйкандарды өндүрүштүк-сатык чынжырчаларына интеграциялоо.

2026-жылдын 9-июлунда Ала-Бука районунун Орукту айыл өкмөтүнө караштуу Орток-Бел массивинде «Дан эгиндерин кайрак жерлерде нөлдүк иштетүү (No-Till) технологиясынын артыкчылыктарын жайылтуу» темасында Талаа күнү өткөрүлдү.

 Талаа күнүнө 65 адам, анын ичинде 8 аял катышты. Катышуучулардын арасында фермерлер, айыл чарба тармагынын адистери, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана айыл өкмөт башчылары болду. Ошондой эле Ош облусунан сафлор өстүргөн фермерлер катышты.

Иш-чарага Ала-Бука районунун акими Абыкеев Темирболот Асаналиевич жана райондук айыл чарбасын өнүктүрүү департаментинин жетекчиси Узаков Муратбек Курманбекович катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө жергиликтүү бийлик өкүлдөрү ресурстарды үнөмдөөчү технологияларды киргизүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти. Райондук айыл чарбасын өнүктүрүү департаментинин жетекчисинин айтымында, Орток-Бел массивинде нөлдүк иштетүү технологиясын колдонуу менен үч жылдын ичинде буудай айдалган аянт 150 гектардан 400 гектарга чейин кеңейген. Мындан тышкары, 300 гектардан ашык жерге кургакчылыкка чыдамдуу май өсүмдүгү – сафлор себилген.

Ала-Бука районунун акими нөлдүк иштетүү технологиясы топурактын нымдуулугун жана курамындагы гумусту сактоого, убакытты үнөмдөөгө жана өндүрүмдүүлүктү жогорулатууга шарт түзөрүн белгиледи. Салттуу жер иштетүүдө жерди айдоо, тырмоо жана андан кийин үрөн себүү талап кылынса, нөлдүк иштетүү технологиясы бул процесстерди кыйла жөнөкөйлөтөт.

Талаа күнүнүн жүрүшүндө катышуучуларга нөлдүк иштетүү технологиясынын негизги принциптери жана артыкчылыктары тууралуу кеңири маалымат берилди. Анын ичинде топурактын түзүмүн жана нымдуулугун сактоо, өндүрүштүк чыгымдарды азайтуу жана жерди натыйжалуу пайдалануу маселелери талкууланды.

Ошондой эле буудай талааларындагы отоо чөптөргө, зыянкечтерге жана илдеттерге каршы күрөшүү боюнча практикалык маалыматтар берилди. Катышуучулар нөлдүк иштетүү технологиясын туура колдонууда өсүмдүктөрдү коргоо иш-чараларын өз убагында жүргүзүүнүн маанилүүлүгү менен таанышты.

Мындан тышкары, фермерлерге салттуу технология менен нөлдүк иштетүү системасынын экономикалык көрсөткүчтөрү салыштырылып көрсөтүлдү. Атап айтканда, күйүүчү майга, үрөнгө жана эмгек ресурстарына кеткен чыгымдар, түшүмдүүлүк жана өндүрүштүн жалпы экономикалык натыйжалуулугу талкууланды.

Талаа күнүнүн практикалык бөлүгү түздөн-түз Орток-Бел массивиндеги талааларда өттү. Катышуучулар эгиндердин абалы менен таанышып, нөлдүк иштетүү технологиясын үч жыл колдонуудагы жыйынтыктарды жеринде көрүштү.

Долбоордун эксперттеринин жана жергиликтүү фермерлердин маалыматы боюнча, нөлдүк иштетүүнү үч жыл колдонуу жердин абалынын жакшырышына жана айыл чарба жүгүртүүсүнө мурда пайдаланылбай келген жерлерди кайра киргизүүгө шарт түзгөн. Бүгүнкү күндө бул массивде буудайдан тышкары 300 гектардан ашык аянтка сафлор да нөлдүк иштетүү технологиясы менен себилген. Кийинки жылы сафлордун айдоо аянттарын кеңейтүү пландалууда.

Талаа күнү фермерлер менен адистердин тажрыйба алмашуусуна, практикалык жыйынтыктарды талкуулоого жана нөлдүк иштетүү технологиясын мындан ары жайылтуу мүмкүнчүлүктөрүн кароого маанилүү аянтча болду.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү технологияны жайылтууну колдой тургандыгын билдиришти. Ошондой эле фермерлерге биргелешип иш алып баруу жана айыл чарба техникаларын натыйжалуу пайдалануу максатында айыл чарба кооперативдерин түзүү сунушталды.

Өткөрүлгөн Талаа күнү айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн топурактын асылдуулугун сактоого, нымды натыйжалуу пайдаланууга, өндүрүштүк чыгымдарды азайтууга жана айыл чарба өндүрүшүнүн туруктуулугун жогорулатууга багытталган заманбап технологияларга болгон кызыгуусун дагы бир жолу көрсөттү.

Иш-чаранын соңунда Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан долбоордун командасына Ардак грамоталар тапшырылды. Бул сыйлык нөлдүк иштетүү технологиясын жайылтуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге берилген колдоонун жана жергиликтүү бийликтин жогорку баасынын белгиси болду.