Бирге өнүгөлү: туруктуу каржылоо аркылуу дыйкандарды өндүрүштүк-сатык чынжырчаларына интеграциялоо.

Бирге өнүгөлү: туруктуу каржылоо аркылуу дыйкандарды өндүрүштүк-сатык чынжырчаларына интеграциялоо.

2026-жылдын 27-февралында Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын имаратында кант кызылчасын өстүрүү темасында фермерлер үчүн окутуу семинары өткөрүлдү. Иш чара Кошумча нарк чынжырчаларын агро каржылоо долбоорунун алкагында кант кызылчасынын кошумча нарк чынжыры боюнча уюштурулуп «Щелково Агрохим» жана «Август» компанияларынын ошондой эле «Каинды Кант» заводунун өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.

Семинарга жалпысынан 42 фермер катышты. Иш чаранын негизги максаты кант кызылчасын өстүрүү боюнча фермерлердин кесиптик билимдерин жогорулатуу жана практикалык тажрыйба алмашуу болду.

Семинардын башында Жайыл районунун Айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча райондук башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Канатбек Калматов куттуктоо сөзү менен чыгып фермерлерди колдоодо заманбап агротехнологияларды киргизүүдө жана мамлекеттик программаларды ишке ашырууда башкармалыктын ролу чоң экенин белгиледи.

 

 

Семинардын негизги бөлүгүн эксперт Миргасым Аллахверанов өткөрдү. Ал катышуучуларга кант кызылчасын ийгиликтүү өстүрүүнүн агротехникалык ыкмалары тууралуу кеңири маалымат берди. Анын ичинде жерди даярдоо үрөн себүү өсүмдүктөрдү багуу отоо чөптөргө ооруларга жана зыянкечтерге каршы күрөшүү жер семирткичтерди колдонуу сугаруу жана суу режимин туура уюштуруу маселелери каралды.

Өзгөчө көңүл топурактын катмар болуп катып калуу маселесине бурулду. Өткөн жылы бул көйгөй айрым талааларда кайра себүүгө алып келген. Катышуучулар бул маселени чечүүнүн ар кандай жолдорун талкуулашты. Фермерлер өз тажрыйбалары менен бөлүшүп ал эми «Август» жана «Щелково Агрохим» компанияларынын өкүлдөрү топурактын катмар болуп катып калышынын терс таасирин азайтуу боюнча сунуштарын беришти.

Семинардын жүрүшүндө кант кызылчасындагы канттын көлөмүн жогорулатууга таасир эткен факторлор да талкууланды. Эксперттер өсүмдүктөрдү тең салмактуу азыктандыруу жана агротехникалык иш чараларды өз убагында жүргүзүү сапаттуу түшүм алуунун негизги шарттары экенин белгилешти.

Ошондой эле адис Талай Байтуленов фермерлерге Кошумча нарк чынжырчаларын агро каржылоо долбоорунун алкагындагы каржылык мүмкүнчүлүктөр тууралуу маалымат берди.

Мындан тышкары «Щелково Агрохим» жана «Август» компаниялары өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарын тааныштырып алардын учурдагы баалары тууралуу маалымат беришти. Ошондой эле «Каинды Кант» заводунун өкүлү 2026-жылга кант кызылчасынын үрөндөрүнүн баалары жана түшүмдү кабыл алуу шарттары тууралуу маалымат берди.

Семинар интерактивтүү форматта өттү. Фермерлер активдүү суроолор берип, практикалык жагдайларды талкуулап, адистерден сунуштар алышты. Мындай окутуу форматы тажрыйба алмашууга шарт түзүп, айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө продукциянын түшүмдүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу үчүн заманбап технологияларды колдонууга жардам берет.