Бирге өнүгөлү: туруктуу каржылоо аркылуу дыйкандарды өндүрүштүк-сатык чынжырчаларына интеграциялоо.

Бирге өнүгөлү: туруктуу каржылоо аркылуу дыйкандарды өндүрүштүк-сатык чынжырчаларына интеграциялоо.

2026-жылдын 15-июлунда Ош облусунда «Кошумча нарк чынжырчаларын агро каржылоо» долбоорунун алкагында дан эгиндерин өстүрүүдө No-till, башкача айтканда нөлдүк айдоо технологиясын колдонгон фермердик чарбаларга талаа мониторинги жүргүзүлдү.

Талаа сапарынын негизги максаты эгин талааларынын абалын көзөмөлдөө, айыл чарба сезонунун жыйынтыктарын жана түшүмдүүлүктү баалоо, No-till технологиясын колдонуунун натыйжалуулугун талдоо, ошондой эле фермерлерге консультациялык колдоо көрсөтүү болду.

Мониторингге долбоордун эксперттери Эльвира Суванова жана Шерзод Абдурахманов, ошондой эле дан эгиндери боюнча координатор Эдил Шарапов катышты.

No-till технологиясын колдонууда оң натыйжалар байкалууда

Мониторинг жүргүзүлгөн учурда максаттуу фермерлердин көпчүлүгү буудайды жыйноону жана талааларды чабууну аяктаган. Айрым чарбаларда жакында жааган жаандан улам түшүм жыйноо иштери убактылуу токтотулган.

Жалпысынан долбоордун алкагында No-till технологиясын колдонгон фермерлердин арасында оң динамика байкалууда. Быйылкы сезондо буудайдын орточо түшүмдүүлүгү гектарына 22-24 центнерди түздү.

Мындан тышкары, фермерлер үчүн чөп сатуу кошумча киреше булагы болуп саналат. Бир гектардан орточо 100-150 түк чөп алынууда.

Буудайдын рыноктук баасында да өсүш байкалган. 2026-жылы буудайдын сатуу баасы орточо 20-22 сом/кг түзүп, айрым чарбаларда 25 сом/кг чейин жеткен. Өткөн сезондо буудайдын баасы болжол менен 17 сом/кг болгон.

Чөптүн баасы бир түк үчүн 190-250 сомдун тегерегинде болууда.

Ошол эле учурда фермерлер өндүрүшкө керектелүүчү ресурстардын баасы жогорулаганын белгилешти. Атап айтканда, минералдык жер семирткичтердин, күйүүчү-майлоочу материалдардын жана үрөндүн кымбатташы чарбалардын чыгымдарына таасирин тийгизүүдө.

No-till технологиясынын артыкчылыктары

Талаа мониторингинин жүрүшүндө No-till технологиясы менен буудай өстүрүүнүн салттуу ыкмасы салыштырылды.

Долбоордун No-till технологиясы колдонулган талааларында буудайдын түшүмдүүлүгү гектарына 22-24 центнерди түзсө, кайрак жерлерде салттуу ыкма менен өстүрүүдө бул көрсөткүч 6-15 центнердин тегерегинде болот.

Демек, No-till технологиясын колдонууда түшүмдүүлүк салттуу ыкмага салыштырмалуу болжол менен 1,5-3,5 эсеге жогору болгон.

Чөптүн көлөмү боюнча да айырмачылык байкалды. No-till технологиясы колдонулган талаалардан гектарына 100-150 түк чөп алынууда. Бул салттуу ыкмага салыштырмалуу болжол менен 3-4 эсеге көп.

Бул көрсөткүчтөр No-till технологиясынын кайрак жерлерде дан эгиндерин өндүрүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана фермерлердин кирешесин көбөйтүү үчүн потенциалы бар экенин көрсөтүүдө.

Алты фермердик чарбага мониторинг жүргүзүлдү

Талаа мониторингинин алкагында Ош облусунун Кара-Суу жана Ноокат райондорундагы алты талаага барылды.

Кара-Суу районунун Кара-Таш айылында «Марипов» кооперативинин 40 гектардык талаасы текшерилди. Маалымат базасында жооптуу катары Иметов Адыл жана Иметов Каныбек көрсөтүлгөн. Мониторинг учурунда түшүм жыйноо кийинки жумага пландалган. Алдын ала болжолдонгон түшүмдүүлүк гектарына 20 центнерди түзүп, сатуу баасы 21-22 сом/кг деңгээлинде күтүлгөн.

Кыргыз-Ата айылында Аттокуров Мамасадыктын 15 гектардык талаасына мониторинг жүргүзүлдү. Ал Иметов Каныбектин өнөктөшү болуп саналат. Бул чарбада түшүм жыйноо толугу менен аяктап, буудай тазаланып, каптарга салынган. Тазаланган дан эгининин иш жүзүндөгү түшүмдүүлүгү гектарына 22 центнерди түзүп, буудай 25 сом/кг баада сатылган.

Ошол эле айылда Иметов Каныбектин 15 гектардык талаасы да текшерилди. Түшүм жыйноо аяктап, дан тазаланып, каптарга салынган. Иш жүзүндөгү түшүмдүүлүк гектарына 22 центнерди түзүп, сатуу баасы 25 сом/кг болгон.

Ноокат районунун Кулатов айыл аймагындагы Кызыл-Булак айылында дагы үч талаага мониторинг жүргүзүлдү.

Мырзакулов Чырмашбайдын 3 гектардык талаасында түшүм жыйноону кийинки жумада баштоо пландалган. Болжолдонгон түшүмдүүлүк гектарына 20 центнерди, күтүлүп жаткан сатуу баасы 22 сом/кг түзгөн. Фермер талаага аз өлчөмдө аммофос жер семирткичин киргизген.

Разаев Абдурасулдун 4 гектардык талаасында да түшүм жыйноо кийинки жумага пландалган. Болжолдонгон түшүмдүүлүк гектарына 20 центнерди түзүп, сатуу баасы 22 сом/кг деп күтүлгөн. Бул чарбада да аз өлчөмдө аммофос колдонулган.

Жолдошбай уулу Таланттын 10 гектардык талаасында болжолдонгон түшүмдүүлүк гектарына 15 центнерди түздү. Күтүлүп жаткан сатуу баасы 22 сом/кг болгон.

Бул талаада түшүмдүүлүктүн башка долбоордук чарбаларга салыштырмалуу төмөн болушуна таасир эткен факторлордун бири катары аммофостун колдонулбаганы белгиленди.

Бул жыйынтык No-till технологиясын колдонууда сунушталган технологиялык картанын бардык элементтерин, анын ичинде жер семирткичтерди туура колдонуу боюнча талаптарды сактоонун маанилүүлүгүн көрсөтөт.

Талаа мониторинги No-till технологиясын иш жүзүндө колдонуудагы натыйжаларды баалоого, түшүмдүүлүккө таасир эткен факторлорду аныктоого жана фермерлерге мындан аркы консультациялык колдоонун багыттарын аныктоого мүмкүнчүлүк берди.

Долбоордун алкагында мындай талаа сапарларын жана фермерлерге консультациялык колдоо көрсөтүүнү улантуу дан эгиндерин өндүрүүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга жана No-till технологиясын жайылтууга өбөлгө түзөт.