Бирге өнүгөлү: туруктуу каржылоо аркылуу дыйкандарды өндүрүштүк-сатык чынжырчаларына интеграциялоо.

Бирге өнүгөлү: туруктуу каржылоо аркылуу дыйкандарды өндүрүштүк-сатык чынжырчаларына интеграциялоо.

2026-жылдын 7-июлу – Аксы районунун кайрак жерлеринде айыл чарба тармагындагы маанилүү иш-чаралардын бири өттү. Согот айылында дан эгиндерин түз себүү (No-Till) технологиясын жайылтууга жана киргизүүгө арналган практикалык Талаа күнү уюштурулду.

Талаа күнүнө 40тан ашуун катышуучу – Согот, Кош-Дөбө, Кара-Дөбө айылдарынан жана Кербен шаарынан келген дыйкандар, агрономдор, эксперттер жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Талаа күнүнүн жүрүшүндө катышуучулар топуракты нөлдүк иштетүү технологиясынын негизги аспектилери менен таанышты. Эксперттер салттуу айдоодон баш тартуу топурактын табигый түзүлүшүн сактоого, кайрак жерлердеги нымдуулукту кармап калууга жана механикалык иштетүүгө кеткен чыгымдарды азайтууга кандайча жардам берерин көрсөтүштү.

Ошондой эле буудайды отоо чөптөрдөн, зыянкечтерден жана илдеттерден коргоого өзгөчө көңүл бурулду. Түшүмдү өз убагында коргоо түз себүү технологиясын ийгиликтүү колдонуудагы маанилүү шарттардын бири экени белгиленди. Катышуучуларга No-Till технологиясын салттуу ыкма менен салыштырган экономикалык талдоо да сунушталып, күйүүчү-майлоочу материалдарды, үрөндү жана эмгек ресурстарын үнөмдөө мүмкүнчүлүктөрү көрсөтүлдү.

Талаа күнүнүн негизги бөлүгү демонстрациялык талаага баруу болду. Катышуучулар 2025-жылдын күзүндө түз себүү ыкмасы менен себилген «Стекловидный-24» сортундагы күздүк буудайдын абалы менен таанышты. Айрыкча фермер Мамашов Паязбектин талаасындагы көрсөткүчтөр жакшы жыйынтык көрсөттү. Түшүм жыйноого болжол менен 10 күн калган учурда буудайдын бийиктиги жана жыштыгы адистерде оптимисттик баа жаратып, жогорку түшүм күтүлүүдө.

Жергиликтүү дыйкандар No-Till технологиясынын бир катар артыкчылыктарын белгилешти. Алардын арасында «Миллениум-18» түз себүүчү сыяктуу заманбап атайын техниканы колдонуу мүмкүнчүлүгү, каржылык механизмдердин жеткиликтүүлүгү, чыгымдардын 50%ын төлөө мүмкүнчүлүгү, убакытты үнөмдөө, тажрыйбалуу агрономдордун үзгүлтүксүз консультациялык колдоосу жана топурактын табигый түшүмдүүлүгүн акырындык менен калыбына келтирүү жана жогорулатуу мүмкүнчүлүгү бар.

Жергиликтүү администрация заманбап дыйканчылык ыкмаларына өтүп жаткан фермерлерди колдоого даяр экенин билдирди. Аксы районунун айыл чарбасын өнүктүрүү департаментинин жетекчиси Таалайбек Саматов туура которуштуруп айдоону сактоонун жана атайын техниканы колдонуунун маанилүүлүгүн белгиледи. Ошондой эле айылдарды адистештирүү – буудай, жүгөрү жана жашылча өсүмдүктөрү боюнча бөлүштүрүү демилгесин сунуштап, фермерлерди биргелешип натыйжалуу иш алып баруу үчүн кооперативдерге биригүүгө чакырды.

Кербен шаарынын мэриясынын өкүлү жана Согот айылынын тургуну Уланбек Оролбаев өз тажрыйбасы менен бөлүштү. Анын айтымында, ал эки жылдан бери күздүк буудайды No-Till технологиясы менен ийгиликтүү өстүрүп келет. Быйыл Согот айылынын өзүндө күздүк буудайды түз себүү үчүн 80-90 гектар жер бөлүү пландалууда.

Жолугушуунун жыйынтыгында Аксы районунун айыл чарбасын өнүктүрүү департаментинин жетекчиси райондун аймагында No-Till технологиясы менен 500 гектар аянтка күздүк буудай себүү боюнча арыз берүүнү максат кылып жатканын билдирди.

Талаа күнүнүн соңунда алдыңкы агротехнологияларды өнүктүрүүгө жана жайылтууга кошкон салымы үчүн райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси, талаа консультанты жана айыл өкмөт башчылары Ардак грамоталар менен сыйланышты.

Согот айылында өткөн Талаа күнү No-Till технологиясы бүгүнкү күндө ресурстарды үнөмдөөнүн гана жолу эмес, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга, жердин түшүмдүүлүгүн келечек муундар үчүн сактоого жана Кыргызстандын экологиялык жактан туруктуу айыл чарбасын өнүктүрүүгө багытталган маанилүү кадам экенин көрсөттү.