Бирге өнүгөлү: туруктуу каржылоо аркылуу дыйкандарды өндүрүштүк-сатык чынжырчаларына интеграциялоо.

Бирге өнүгөлү: туруктуу каржылоо аркылуу дыйкандарды өндүрүштүк-сатык чынжырчаларына интеграциялоо.

2026-жылдын 6-апрелинде «Кошумча нарк чынжырчаларын агро каржылоо» долбоорунун алкагында эрте пияз өстүргөн фермерлердин талааларына баруу жана жолугушуулар өткөрүлдү.

Сапардын негизги максаты пияз өстүрүүнүн учурдагы абалын изилдөө, талаалардын абалын жана фермерлердин маанайын баалоо, ошондой эле салттуу арык аркылуу сугаруу менен тамчылатып сугаруу ыкмаларынын натыйжалуулугун салыштыруу болду.

Жолугушуулардын жүрүшүндө салттуу сугаруу ыкмасы кеңири колдонулганы менен, ал көп эмгек талап кылары жана суунун чоң жоготуулары менен коштолору белгилүү болду. Бир участокту сугаруу 24 сааттан 48 саатка чейин созулат. Бул каналдардын гидроизоляциясы жоктугунан жана суунун жерге сиңип кетишинен улам келип чыгат. Ички чарбалык каналдарда суунун жоготуусу 45 пайызга чейин жетет. Мындан тышкары, суунун жетишсиздигинен улам фермерлер арасында талаш-тартыштар жаралып, алар сууну көзөмөлдөө үчүн талаада дайыма болушууга аргасыз. Орточо эсеп менен 1 гектарды бир жолу сугаруу 500 сомду түзөт, суунун керектөө нормасы 50-60 литр секундуна жана сезон ичинде 15-20 жолу сугарылат.

 

Ошол эле учурда айрым фермерлер скважиналарды жана топтоочу бассейндерди колдонуу менен тамчылатып сугарууга өтүп жатышат. Бул ыкма суунун жоготуусун дээрлик толугу менен жокко чыгарып, натыйжалуулукту жогорулатат. Бирок эксплуатациялык чыгымдар эки эсе жогору болуп, баштапкы инвестициялар 1 гектарга орточо 70-80 миң АКШ долларын түзөт.

2025-жылдагы түшүмдүүлүктү салыштыруу заманбап технологиялардын артыкчылыгын көрсөттү. Салттуу сугарууда түшүмдүүлүк 26 тонна гектарына жетсе, тамчылатып сугарууда 60 тонна гектарына чейин жеткен.

2026-жылга карата негизги тобокелчиликтер катары минералдык жер семирткичтердин баасынын өсүшү жана сугат суусунун тарифтеринин жогорулашы белгиленүүдө. Ошол эле учурда оң жагдайлар да бар. Бул жылы суу эрте бериле баштап, фермерлер биринчи сугарууну өз убагында жүргүзүүгө жетишти. Жазгы жаан-чачындар да эгиндердин абалына жакшы таасир тийгизди. Фермерлер сезондун жыйынтыгында жогорку түшүм алууга үмүт кылышууда.