Базар-Коргон районунда үрөндүк картошканын талааларына мониторинг жүргүзүлдү
2026-жылдын 17-июлунда Базар-Коргон районунун Арсланбоб айылында кошумча нарк чынжырынын үрөндүк картошка багыты боюнча иш алып барган фермерлердин чарбаларына талаа мониторинги жүргүзүлдү.
Быйыл үрөндүк картошка боюнча схемага Базар-Коргон районунан 60 фермер катышууда. Талаа сапарынын жүрүшүндө долбоордун эксперттери Эльвира Суванова жана Шерзод Абдурахманов, ошондой эле үрөндүк картошка боюнча координатор Уларбек Ботокараев менен биргеликте 7 фермердин чарбасына барып, талаалардын абалына баа беришти.
2026-жылы схеманын алкагында фермерлер үчүн бир катар маанилүү өзгөртүүлөр киргизилди. Тактап айтканда, берилүүчү үрөндүк материалдын көлөмү бир фермерге 100 кгдан 200 кгга чейин көбөйтүлдү. Фермерлерге негизинен «Парадизо» сортундагы «Элита» репродукциясындагы үрөндөр, ошондой эле каалоочулар үчүн «Ривьера» сорту берилди.
Мындан тышкары, үрөндөрдү сатып алууда «50гө 50» принцибиндеги жеңилдетилген товардык насыялоо механизми колдонулууда. Анын алкагында фермерлер үрөндүн наркынын 50 пайызын отургузуу алдында, калган 50 пайызын түшүм жыйналып, сатылгандан кийин төлөшөт. Бул ыкма чакан чарбалардын сезондун башындагы финансылык жүгүн азайтууга мүмкүнчүлүк берет.
Мониторинг учурунда бардык чарбаларда картошка активдүү вегетация фазасында экени аныкталды. Аймакта жаан-чачындын көп жана узакка созулушуна байланыштуу «Ривьера» сортунун айрым талааларында фитофтороздун белгилери байкалган. Ошол эле учурда долбоордун негизги «Парадизо» сорту грибоктук ооруларга жогорку туруктуулугун көрсөттү жана текшерилген талааларда фитофтороздун белгилери аныкталган жок.
Фермерлер аба ырайынын тобокелдиктерине өз убагында чара көрүп, өсүмдүктөрдү оорулардан коргоо үчүн фунгициддер менен иштетүү иштерин жүргүзүшкөн. Ошондой эле колорадо коңузуна каршы инсектициддик иштетүү жүргүзүлгөн. Талаадагы мониторингдин жүрүшүндө адистер фермерлерге өсүмдүктөрдү андан ары багуу жана фитосанитардык абалды көзөмөлдөө боюнча практикалык кеңештерди беришти.
Мониторингдин маанилүү багыттарынын бири үрөндүк материалды көбөйтүү мүмкүнчүлүктөрүн баалоо болду. Адистердин эсептөөлөрүнө ылайык, 200 кг элиталык үрөн 5-7 сотых жерге отургузууга жетиштүү. Туура агротехнология сакталган учурда сезондун аягында фермерлер 1000-1200 кгга чейин биринчи репродукциядагы R1 өз үрөнүн ала алышат. Бул кийинки жылы кошумча чыгымдарсыз айдоо аянтын кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.
Фермерлер үрөндүк материалдын сапатын жана талаада көрсөтүлүп жаткан консультациялык колдоону жогору баалашты. Ошол эле учурда алар келечекте бир чарбага берилүүчү элиталык үрөндүн көлөмүн 1 тоннага чейин көбөйтүү сунушун билдиришти. Бул ири көлөмдөгү үрөндүк картошка партияларын түзүүгө шарт түзөт.
Фермерлердин дагы бир сунушу үрөн, минералдык жер семирткичтер жана өсүмдүктөрдү коргоочу каражаттарды камтыган комплекстүү технологиялык топтомдорду түзүү болду. Мындай ыкма зарыл болгон өндүрүштүк ресурстарды бир жерден сатып алууга жана фермерлердин убактысын жана чыгымдарын үнөмдөөгө жардам берет.
Мындан тышкары, фермерлер «50гө 50» форматындагы софинасылык моделин келечектеги сезондордо да сактап калууну сунушташты. Алардын айтымында, төлөмдүн бир бөлүгүн түшүм жыйналгандан кийинки мезгилге жылдыруу чакан чарбалар үчүн өзгөчө ыңгайлуу.
Мониторингдин жыйынтыгы боюнча СКС Жалал-Абаддын адистерине «Ривьера» сортундагы талааларда фитофтороздун өнүгүшүнө байкоо жүргүзүүнү улантуу жана жүргүзүлгөн коргоо иш-чараларынын натыйжалуулугун баалоо сунушталды. Ошондой эле кийинки сезонго үрөн, жер семирткичтер жана өсүмдүктөрдү коргоочу каражаттар камтылган комплекстүү технологиялык топтомдорду түзүү мүмкүнчүлүгүн «Агро Ооноктош» соода-сервистик уюму менен биргеликте карап чыгуу сунушталды.
Талаа мониторинги картошка талааларынын учурдагы абалын баалоого гана эмес, фермерлердин сунуштарын угуп, үрөндүк картошка багытындагы схеманы мындан ары өркүндөтүү жана анын айыл чарба өндүрүүчүлөрү үчүн натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча практикалык сунуштарды аныктоого мүмкүнчүлүк берди.





