Ат-Башы районунда жүргүзүлгөн талаа мониторинги үрөндүк картошка өстүрүүнүн жогорку потенциалын тастыктады
2026-жылдын 6-8-октябрь күндөрү Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ача-Кайыңды, Калинин жана Баш-Кайыңды айылдарында «Үрөндүк картошка» кошумча нарк чынжырынын (КНЧ) алкагында талаа мониторинги өткөрүлдү.
Визиттин негизги максаты үрөндүк картошка өстүрүүнүн натыйжаларын баалоо, иш жүзүндөгү түшүмдүүлүктү текшерүү, түшүм жыйноонун жана үрөндүк материалды сактоонун абалын кароо, ошондой эле фермерлер жана айдоо аянттары тууралуу маалыматтарды тактоо болду.
Мониторингдин алкагында үрөндүк картошка өстүргөн тогуз фермердин ишмердүүлүгү камтылып, жалпы 26,4 гектарга жакын айдоо аянты текшерилди. Талаа шартында Камелия, Пердиз, Коломба, Сильвана, Челленджер, Рашида, Люсинда, Ливра жана Квинтера сыяктуу европалык сорттордун абалы бааланды.
Мониторингдин жыйынтыгы боюнча түшүмдүүлүк гектарына 30-50 тоннаны түздү. Текшерилген чарбалардагы орточо салмактанып алынган түшүмдүүлүк гектарына 38-41,9 тоннага жетти. Долбоор башталганга чейинки гектарына болжол менен 20 тонналык көрсөткүчкө салыштырмалуу айрым чарбаларда түшүмдүүлүк 100-150%га өскөн.
Мындан тышкары, жергиликтүү фермерлер үчүн сапаттуу үрөндүк материалдын жеткиликтүүлүгү жогорулады. Элиталык үрөндүн баасы килограммына 170-180 сомдон 100 сомго чейин төмөндөдү. Бул фермерлердин үрөн сатып алууга кеткен чыгымдарын азайтууга жана сапаттуу үрөн пайдаланууга мүмкүнчүлүк берет.
Мониторинг учурунда текшерилген тогуз фермердин сегизи түшүм жыйноону аяктап, үрөндүк картошканы сактоого жайгаштырган. Калган бир гектар аянттагы түшүмдү жыйноо 8-9-октябрга пландаштырылган.
Мониторинг жүргүзүлгөн учурда Кочкор шаарындагы адистештирилген картошка сактоочу жайга жогорку репродукциядагы болжол менен 540 тонна үрөндүк картошка жайгаштырылган. Кошумча 150 тонна үрөн жеткирилгенден кийин борборлоштурулган сактоодогу жалпы көлөм болжол менен 690 тоннага жетиши күтүлүүдө.
Үрөндүк материалдын бир бөлүгүн Кочкорго ташууга Ат-Башы районундагы жаңы картошка сактоочу жайдын курулушу кечеңдегени себеп болгон. Ушуга байланыштуу үрөндүн сапатын сактоо жана үшүп кетүүсүнө жол бербөө үчүн температуралык режимди жана желдетүүнү көзөмөлдөөгө, ошондой эле картошканы кышкы сактоого туура даярдоого өзгөчө көңүл буруу зарыл.
Деңиз деңгээлинен болжол менен 2300 метр бийиктикте жайгашкан Ат-Башы районунун жаратылыш-климаттык шарттары сапаттуу үрөндүк картошка өстүрүүгө ыңгайлуу мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. Мониторингдин жыйынтыктары киргизилген европалык сорттордун жергиликтүү шарттарга жакшы ыңгайлашканын жана жогорку түшүмдүүлүк потенциалын тастыктады.
Визиттин жүрүшүндө Ат-Башы районунун акими Мухтар Шербаев менен да жумушчу жолугушуу өткөрүлдү. Тараптар райондо үрөнчүлүк аймагын кеңейтүү жана айыл чарба кооперативдерине Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунан 50 гектарга чейин жерди ижарага берүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты. Аким кооперативдерден тиешелүү кайрылуу түшкөн учурда бул демилгени ишке ашырууга көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.
Мониторингдин жыйынтыгы боюнча түшүм жыйноону толук аяктоо, үрөндүк картошканы сактоо шарттарын көзөмөлдөө, КНЧнын катышуучулары тууралуу маалымат базасын жаңылоо жана үрөндүк талааларды ички инспекциядан өткөрүү боюнча методикалык материалдарды райондогу негизги айыл чарба кооперативдерине жеткирүү артыкчылыктуу милдеттер катары аныкталды.
Алынган жыйынтыктар үрөнчүлүк тармагын чыңдоого, сапаттуу үрөндүк материалдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга жана Нарын облусунда айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн кошумча мүмкүнчү





