Бирге өнүгөлү: туруктуу каржылоо аркылуу дыйкандарды өндүрүштүк-сатык чынжырчаларына интеграциялоо.

Бирге өнүгөлү: туруктуу каржылоо аркылуу дыйкандарды өндүрүштүк-сатык чынжырчаларына интеграциялоо.
2026-жылдын 14-августунда Чүй облусунун Жайыл жана Сокулук райондорундагы демонстрациялык талааларда кант кызылчасын өстүрүүнүн заманбап технологияларына жана өсүмдүктөрдү илдеттерден дыкат коргоо тутумдарына арналган атайын Талаа күнү болуп өттү. Иш-чара «Кант кызылчасы» кошумча нарк чынжырын (КНЧ) ишке ашыруунун алкагында уюштурулуп, ага 40 катышуучу жыйналды. Алардын арасында 31 жергиликтүү дыйкан-фермер, Жайыл райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчилиги, «Кайыңды-Кант» ААК кайра иштетүүчү заводунун өкүлдөрү
Иш-чаранын практикалык бөлүгү жана эгиндерди кароо Жайыл районундагы Арал айылынын фермери Ноорузбек Кожомкуловдун талаасында жана Сокулук районунун Нижне-Чүй айылындагы фермер Махмат Матраимовдун демонстрациялык участогунда өттү. Талааны кыдыруу учурунда агроном-эксперт церкоспороз, ак ууру (мучнистая роса) сыяктуу негизги илдеттерди жана шишик тумшук (долгоносик-стеблеед) сыяктуу зыянкечтерди дарылоо боюнча кеңири маалымат берип, түшүмдү сактап калуу үчүн коргоо каражаттарын колдонуунун так тартибин түшүндүрдү. Ошондой эле адистер которуштуруп айдоонун (севооборот) маанилүүлүгүн өзгөчө белгилешти: кант кызылчасын бир эле жерге 2–3 жыл катары менен эгүү илдеттердин көбөйүшүнө башкы себеп болуп жаткандыгы айтылды. Ал эми Н. Кожомкуловдун талаасында мурда жүгөрү эгилгендиктен, эгиндин фитосанитардык абалы абдан жакшы экени катышуучуларга көрсөтүлдү.
Агротехникалык маселелерден сырткары, катышуучулар 2026-жылдагы түшүм жыйноо өнөктүгүнүн уюштуруу жана экономикалык тараптарын да кызуу талкуулашты. «Кайыңды-Кант» ААК өкүлдөрү сырье кабыл алуунун мерчемделген мөөнөттөрүн жарыялашса, айыл чарбасын каржылоо боюнча адис исламдык «Мурабаха» каржылоо механизми аркылуу товардык-материалдык дөөлөттөрдү сатып алуу тартибин түшүндүрүп берди. Ошол эле учурда дыйкандар дизель майынын кымбатташы түшүмдү заводго жана кабыл алуу пункттарына ташуу чыгымдарын кыйла жогорулатып жатканына тынчсыздануусун билдиришти. Фермерлердин айтымында, күйүүчү-майлоочу майлардын баасынын жогорулашын эске алуу менен заводдун сатып алуу баасы кайра каралбаса, 2027-жылы кант кызылчасынын айдоо аянттары кыскарып, чарбалар жүгөрү сыяктуу башка өсүмдүктөрдү өстүрүүгө өтүп кетүү коркунучу бар.