Бирге өнүгөлү: туруктуу каржылоо аркылуу дыйкандарды өндүрүштүк-сатык чынжырчаларына интеграциялоо.

Бирге өнүгөлү: туруктуу каржылоо аркылуу дыйкандарды өндүрүштүк-сатык чынжырчаларына интеграциялоо.

2026-жылдын 20-майында Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Д. Садырбаев айыл аймагына караштуу Арал айылында талаа күнү ийгиликтүү өткөрүлдү. Иш-чаранын темасы «Климаттын өзгөрүү шартында сууну үнөмдөөчү технологияларды колдонуу аркылуу жашылча өстүрүүнү өнүктүрүү» болду.

Талаа күнүнүн жүрүшүндө катышуучулар тамчылатып сугаруу технологиясынын иш жүзүндөгү натыйжалары менен таанышып, климаттын өзгөрүү шартында эрте бышуучу пияз өстүрүү боюнча тажрыйба алмашышты. Долбоордун жыйынтыктары көрсөтүлүп, талаа участкалары демонстрацияланды жана сууну үнөмдөөчү технологияларды кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Иш-чарага мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин өкүлдөрү, Президенттин Жалал-Абад облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, райондук мамлекеттик администрация, агрардык тармактын адистери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жабдууларды жеткирүүчүлөр, продукцияны сатып алуучулар, кооперативдин өнөктөштөрү жана фермерлер катышты.

 

Программа алкагында долбоордун негизги жыйынтыктары боюнча презентациялар жасалып, тамчылатып сугаруунун айыл чарбасын туруктуу өнүктүрүүдөгү ролу жана 15 гектар жердеги эксперименталдык талаанын иши көрсөтүлдү.

Иш-чаранын жыйынтыгында сууну үнөмдөөчү технологияларды кеңейтүүнүн жана айыл чарба өндүрүшүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн фермерлер, кооперативдер жана мамлекеттик түзүмдөр ортосундагы кызматташтыкты күчөтүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.