Бирге өнүгөлү: туруктуу каржылоо аркылуу дыйкандарды өндүрүштүк-сатык чынжырчаларына интеграциялоо.

Бирге өнүгөлү: туруктуу каржылоо аркылуу дыйкандарды өндүрүштүк-сатык чынжырчаларына интеграциялоо.

 

13-февраль 2026-жылы Бишкек шаарында «Кыргызстандагы уруктук чарбачылыктын келечеги: сапат, инновациялар, өнөктөштүк» аттуу форум болуп өттү. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Суулар ресурстары, айыл чарбасы жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан уюштурулду. Форум мамлекеттик органдарды, илимий мекемелерди, эл аралык уюмдарды жана айыл чарба бизнесин бириктирди.

Форумду ачып, сөз сүйлөгөндөрдүн катарында Кыргыз Республикасынын Суулар ресурстары, айыл чарбасы жана кайра иштетүү өнөр жайы министри, Министрлер кабинети төрагасынын орун басары Бакыт Торобаев жана Кыргыз Республикасындагы БУУнун Тамак-аш жана айыл чарба уюму өкүлү болду. Алар сөздөрүндө уруктук чарбачылыктын өнүгүүсүнүн өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун жогорулатуу жана айыл чарбасын туруктуу кылуу үчүн маанилүүлүгүн белгилешти.

 

 

Биринчи сессияда катышуучулар уруктук чарбачылыктын абалы, жаңы кыргыз селекциясынын сортторун түзүү, уруктук картофель өстүрүү жана өсүмдүктөрдүн генетикалык ресурстарын сактоо тууралуу докладдарды сунушташты. Ошондой эле Мамашукуров А.А., «Кошумча нарк чынжырчаларын агро каржылоо» долбоорунун эксперти, «Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн уруктарынын сапатын ички көзөмөл системасын түзүү тажрыйбасы» деген темада доклад жасады. Ал уруктук материалдын сапатын камсыз кылуу, ички көзөмөл процедураларын киргизүү жана системалуу текшерүүнүн айыл чарбасындагы атаандаштыкка таасири жөнүндө айтып берди, уруктук чарбачылыкта заманбап сапатты көзөмөлдөө механизмдерин киргизүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

 

 

Экинчи сессияда катышуучулар эл аралык тажрыйба, талаа өсүмдүктөрүнүн уруктук өнөр жайын өнүктүрүү, селекциялык жетишкендиктер жана интенсивдүү айыл чарбасында инновациялык технологияларды колдонуу тууралуу талкуу жасашты. Өзгөчө көңүл сапаттуу уруктук материалдын өндүрүшүн масштабдоо жана илимий-өндүрүштүк байланыштарды бекемдөө маселелерине бурулду.

Форум уруктук чарбачылыктын келечеги боюнча пикир алмашуу, мамлекеттик саясатты өркүндөтүү боюнча резолюция кабыл алуу жана Департамент, HZPC компаниясы жана «Агролид» компаниялар тобу менен кызматташуу меморандумун түзүү менен жыйынтыкталды. Түзүлгөн документ сапаттуу уруктук материалды өнүктүрүүгө, эл аралык стандарттарды киргизүүгө жана Кыргызстандын айыл чарба секторундагы өнөктөштүктү бекемдөөгө багытталган.

Форум мамлекеттик органдарды, илимди жана бизнес секторун бириктирген маанилүү платформа болуп, уруктук чарбачылыкты модернизациялоо багытындагы өсүп жаткан кызыкчылыкты тастыктады.