Бирге өнүгөлү: туруктуу каржылоо аркылуу дыйкандарды өндүрүштүк-сатык чынжырчаларына интеграциялоо.

Бирге өнүгөлү: туруктуу каржылоо аркылуу дыйкандарды өндүрүштүк-сатык чынжырчаларына интеграциялоо.

2026-жылдын 30-июнунда Өзгөн районунун Баш-Дөбө айыл аймагынын Кашка-Терек айылында «Кошумча нарк чынжырчаларын агро каржылоо» долбоорунун алкагында «Кургак жерлерде дан өсүмдүктөрүн түз себүү (No-Till) технологиясынын артыкчылыктарын жайылтуу» темасында Талаа күнү өткөрүлдү. Иш-чара Жалал-Абад аймактык Айылдык консультациялык кызматы коомдук фондунун өнөктөштүгүндө уюштурулду.

Талаа күнүнө 52 адам катышып, алардын катарында фермерлер, агрардык тармактын адистери, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, ошондой эле Кашка-Терек, Мырза-Аке, Семиз-Кол жана Кароол айылдарынан келген дыйкандар болду. Катышуучулардын үчөө аялдар болду.

Иш-чаранын негизги максаты кургак жерлерде түз себүү (No-Till) технологиясынын артыкчылыктарын практикалык негизде көрсөтүү жана фермерлер арасында жайылтуу болду. Катышуучулар салттуу жер иштетүү ыкмасы менен No-Till технологиясынын айырмачылыктарын талаада түздөн-түз көрүп, анын натыйжалуулугуна баа берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

 

Иш-чарага Өзгөн районунун экономика жана аймактарды өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Талантбек Кайымов, Өзгөн райондук Агрардык өнүктүрүү департаментинин өкүлү Алмаз Мурзабеков жана Баш-Дөбө айылдык кеңешинин төрагасы Салы Тагайкулов катышышты.

Алар өз сөздөрүндө заманбап, ресурстарды үнөмдөөчү агротехнологияларды жайылтуунун маанилүүлүгүн белгилеп, түз себүү технологиясын колдонгон дыйкандарды колдоого, анын ичинде айыл чарба техникаларын лизинг аркылуу алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Талаа күнүнүн жүрүшүндө No-Till технологиясынын негизги принциптери, буудайдагы отоо чөптөр, зыянкечтер жана илдеттер менен күрөшүү, ошондой эле технологиянын экономикалык натыйжалуулугу боюнча презентациялар өткөрүлдү. Катышуучуларга күйүүчү май, эмгек жана өндүрүш чыгымдарын азайтуу менен бирге түшүмдүүлүктү жогорулатуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берилди.

Ошондой эле катышуучулар 2025-жылдын күзүндө түз себүү ыкмасы менен себилген «Стекловидная-24» буудай сортунун демонстрациялык талаасын көрүп, анын өсүшүн жана өнүгүшүн салттуу технология менен салыштыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Иш-чаранын жыйынтыгында фермерлер No-Till технологиясынын практикалык артыкчылыктарына ынанганын белгилешти. Коңшу айылдардан келген бир катар дыйкандар кийинки айыл чарба сезонунда бул технологияны өз чарбаларында колдонууга кызыгуусун билдиришти. Ошондой эле Баш-Дөбө айылдык кеңешинин төрагасы 2 гектар аянтка буудайды түз себүү технологиясы менен өстүрүүнү пландап жатканын маалымдады.

Иш-чаранын соңунда долбоорду ишке ашырууга активдүү катышкан талаа консультанттарына Ардак грамоталар тапшырылды. Талаада өткөрүлгөн практикалык көрсөтмөлөр дагы бир жолу заманбап агротехнологияларды жайылтууда эң натыйжалуу ыкмалардын бири экенин далилдеди.