Бирге өнүгөлү: туруктуу каржылоо аркылуу дыйкандарды өндүрүштүк-сатык чынжырчаларына интеграциялоо.

Бирге өнүгөлү: туруктуу каржылоо аркылуу дыйкандарды өндүрүштүк-сатык чынжырчаларына интеграциялоо.

2026-жылдын 18-19-июль күндөрү Аксый районунда дан өсүмдүктөрү өстүрүлгөн талааларга мониторинг жүргүзүлүп, фермерлер колдонуп жаткан No-till технологиясынын жыйынтыктары бааланды. Иш-чаранын жүрүшүндө адистер түшүмдүүлүктү, технологиянын экономикалык натыйжалуулугун жана фермерлерге көрсөтүлүп жаткан консультациялык колдоонун жыйынтыктарын талкуулашты.

Мониторингдин алкагында Кашка-Добо жана Согот айыл өкмөттөрүндөгү 8 фермердик чарбага барылды. Долбоордун эксперттери Эльвира Суванова жана Шерзод Абдурахманов, ошондой эле Жалал-Абад СКСнын өкүлдөрү талаалардын абалын баалап, фермерлер менен сезондун жыйынтыктарын талкуулашты.

Сезондун жыйынтыктары No-till технологиясынын кайрак жерлердеги жогорку потенциалын көрсөттү. Буга чейин жерди салттуу иштетүүдө жергиликтүү кайрак жерлерде буудайдын түшүмдүүлүгү гектарына 5-8 центнерди түзүп келген. Ал эми No-till технологиясы колдонулган ийгиликтүү демонстрациялык талааларда быйыл орточо түшүмдүүлүк 23-25 ц/га жетип, мурдагы көрсөткүчтөргө салыштырмалуу болжол менен 3-4 эсеге жогорулады.

Фермерлердин айтымында, технология айдоо жана дискалоо иштеринен баш тартуунун эсебинен себүү иштерине кеткен чыгымдарды азайтууга мүмкүндүк берди. Айрыкча кайрак жерлерде бул ыкманын натыйжасы байкаларлык болду. Анткени мурда салттуу ыкма менен иштетилген айрым жерлерде алынган түшүм өндүрүштүк чыгымдарды жабууга жетишсиз болуп келген.

Кашка-Добо айыл өкмөтүндө фермерлер жергиликтүү кайрак жерлерде мурда мындай жогорку түшүмдүүлүккө жетишпегенин белгилешти. Сапаттуу үрөндөрдү, минералдык жер семирткичтерди колдонуу жана No-till технологиялык картасын сактоо агротехниканы жакшыртууга жана буудайдын сапаттуу түшүмүн алууга шарт түздү.

Жогорку көрсөткүчтөр жергиликтүү фермерлердин технологияга болгон кызыгуусун да арттырды. Айрым чарбалар мурда пайдаланылбай келген кайрак жерлерди кайра айыл чарба жүгүртүүсүнө киргизип, кийинки сезондо No-till технологиясы колдонулган аянттарды кеңейтүүнү пландаштырууда.

Согот айыл өкмөтүндө да No-till технологиясы экономикалык жактан натыйжалуу экенин көрсөттү. Ошол эле учурда жаз мезгилиндеги мөндүр айрым эгиндерге олуттуу зыян келтирген. Өзгөчө жабыркаган талааларда дан өсүмдүктөрүнүн сабактарынын бузулушуна байланыштуу түшүмдүүлүк төмөндөгөн. Ошого карабастан, бир катар талааларда жакшы көрсөткүчтөргө жетишилди.

Мониторингдин жыйынтыгында айрым чарбаларда буудайдын түшүмдүүлүгү 10-25 ц/га аралыгында болду. Ал эми барылган талаалардын биринде гектарынан болжол менен 38,8 центнер түшүм алынган. Бул көрсөткүчтөр технология агротехникалык сунуштарды туура сактоо шартында олуттуу натыйжа бере аларын көрсөтүүдө.

Мындан тышкары, фермерлер бир катар практикалык көйгөйлөрдү белгилешти. Алардын негизгилеринин бири – түшүм жыйноочу техниканын жетишсиздиги. Түшүм жыйноо маалында комбайндарга кезек пайда болуп, түшүмдү өз убагында жыйнап алуу тобокелдиги жаралган.

Кашка-Добо айыл өкмөтүндө сапаттуу үрөн менен камсыз кылуу маселеси да көтөрүлдү. Фермерлер жогорку репродукциядагы арпа үрөнүн сатып алуу мүмкүнчүлүгүн кароону суранышты. Алардын маалыматына ылайык, айыл өкмөтүнө мындай сорттук үрөндөр көп жылдан бери жеткирилген эмес.

Согот айыл өкмөтүндө суу чарба башкармалыгы тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштердин натыйжасында кийинки жылы сугат жерлердин аянты көбөйүшү күтүлүүдө. Ушуга байланыштуу адистер кайрак бойдон кала турган жана буудайды No-till технологиясы менен өстүрүүгө ылайыктуу жерлерди сугатка өткөрүлө турган аянттардан так бөлүп кароону сунушташты.

Сугатка өткөрүлө турган жерлерде фермерлер үчүн малинаны, жүгөрүнү жана картошканы интенсивдүү өстүрүү боюнча өзүнчө окутуу жана консультациялык программаларды иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгү каралууда. Ал эми No-till технологиясы буудай өстүрүү үчүн калган кайрак жерлерде кеңейтиле берет.

Мониторингдин жыйынтыгы боюнча адистер кайрак жерлерде No-till технологиясын кеңейтүүнү, сапаттуу арпа үрөнүнүн жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу маселесин кароону жана фермерлерге консультациялык колдоону улантууну сунушташты.

Полевой мониторингдин жыйынтыктары No-till технологиясын туура колдонуу кайрак жерлердин өндүрүмдүүлүгүн жана чарбалардын экономикалык туруктуулугун жогорулатууга, ошондой эле мурда пайдаланылбай келген жерлерди айыл чарба жүгүртүүсүнө кайтарууга мүмкүнчүлүк берерин көрсөттү.