Бирге өнүгөлү: туруктуу каржылоо аркылуу дыйкандарды өндүрүштүк-сатык чынжырчаларына интеграциялоо.

Бирге өнүгөлү: туруктуу каржылоо аркылуу дыйкандарды өндүрүштүк-сатык чынжырчаларына интеграциялоо.

2026-жылдын 6-июлунан 17-июлуна чейин Бишкек жана Ош шаарларындагы лабораториялардын адистери үчүн тамак-аш азыктарын заманбап изилдөө ыкмаларын колдонуу боюнча практикалык тренингдер өткөрүлдү.

Окутуу Ветеринардык диагностика жана экспертиза борборунун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борборунун Бишкек сыноо, сертификациялоо жана метрология борборунун базасында өттү.

Тренингдердин алкагында адистер жаныбарлардан алынган тамак-аш азыктарындагы ветеринардык дары каражаттарынын жана башка көзөмөлдөнүүчү заттардын калдыктарын, ошондой эле консерванттарды, таттууландыргычтарды жана пестициддердин калдыктарын аныктоонун заманбап ыкмаларын практикалык түрдө өздөштүрүштү.

Окутуунун жүрүшүндө жогорку эффективдүү суюк хроматографияны жана масс-спектрометрияны колдонууга, үлгүлөрдү изилдөөгө даярдоого, инструменталдык анализ жүргүзүүгө, алынган маалыматтарды иштетүүгө жана изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын баалоого өзгөчө көңүл бурулду.

Катышуучулар ГОСТ Р 57024-2016, ГОСТ 33978-2016, ГОСТ 33332-2023, СТБ EN 15662-2022 жана ГОСТ EN 12856-2015 стандарттарында белгиленген изилдөө ыкмалары боюнча практикалык көндүмдөрүн өркүндөтүштү.

Мындай практикалык тренингдер лабораториялык изилдөөлөрдүн сапатын жана жыйынтыктардын ишенимдүүлүгүн жогорулатууга, тамак-аш азыктарынын коопсуздугун аныктоочу көрсөткүчтөрдүн спектрин кеңейтүүгө жана өлкөдөгү азык-түлүк коопсуздугун көзөмөлдөө системасын чыңдоого өбөлгө түзөт.

Лабораториялык жана аналитикалык потенциалды өнүктүрүү ата мекендик продукциянын эл аралык талаптарга шайкештигин жогорулатууга жана кыргызстандык өндүрүүчүлөрдүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө шарт түзөт.

«Кошумча нарк чынжырчаларын агро каржылоо» долбоорунун алкагында лабораториялык потенциалды өнүктүрүү жана адистердин квалификациясын жогорулатуу боюнча иштер улантылат.