Таттуу калемпирдин көчөттөрүнө мониторинг жүргүзүү: зыянкечтерди аныктоо жана агротехниканы өркүндөтүү
«Кошумча нарк чынжырчаларын агро каржылоо» долбоорунун алкагында 2026-жылдын 9-11-май күндөрү Сокулук районунун Нижне-Чүй айылында таттуу калемпирдин күнөсканаларына жана көчөт өстүрүү жайларына мониторинг жүргүзүлдү.
Иш-чарага таттуу калемпирдин кошумча нарк чынжырында иш алып барган 16 фермер катышты. Мониторингди адистер Мамашукуров Абдылхамид жана Иманкулов Аваз жүргүзүштү.
Мониторингдин негизги максаты сунушталган агротехникалык ыкмалардын сакталышын көзөмөлдөө, зыянкечтерди жана ооруларды өз убагында аныктоо, ошондой эле таттуу калемпирди өстүрүү технологияларын жакшыртуу боюнча практикалык кеңештерди берүү болду.
Текшерүү учурунда адистер көчөттөрдүн абалын жана агротехникалык талаптардын сакталышын баалашты. Айрым фермерлерде көчөттөрдүн өтө тыгыз жайгаштырылганы жана отоо чөптөрдүн өз убагында тазаланбаганы сыяктуу кемчиликтер аныкталды. Бул жагдайлар күнөсканаларда абанын айланышын начарлатып, оорулардын пайда болушуна жана зыянкечтердин жайылышына шарт түзүшү мүмкүн экени белгиленди.
Өзгөчө көңүл өсүмдүктөрдүн фитосанитардык абалына бурулду. Төрт фермердин көчөттөрүндө тли зыянкечтери табылды. Диагностика жүргүзүлгөндөн кийин агрономдор өсүмдүктөрдү комплекстүү коргоо боюнча сунуштарды беришти. Көчөттөрдү иштетүү үчүн «Циперфуз» инсектициди, ал эми күнөсканалардын жанындагы бак-дарактарда жана өсүмдүктөрдө зыянкечтин жайылыш булагы катары «Моспилан» препараты сунушталды.
Мындан тышкары фермерлерге көчөттөрдү туура тыгыздыкта отургузуу, отоо чөптөргө каршы өз убагында күрөшүү, күнөсканаларды желдетүү жана сугаруу режимин сактоо боюнча практикалык кеңештер берилди.
Өткөрүлгөн мониторинг учурдагы көйгөйлөрдү өз убагында аныктоого, өсүмдүктөрдү коргоо боюнча зарыл чараларды көрүүгө жана таттуу калемпирдин сапаттуу түшүмүн алуу үчүн шарт түзүүгө мүмкүндүк берди.





