Жашылчалар КНЧ

Баяндама
Кыргызстанда капуста, кызылча, сабиз, помидор, бадыраң жана пияз 55 000 гектарга жакын аянтта өстүрүлөт (2022-ж.), бул жалпы айдоо аянттарынын 4,4%ын түзөт. Негизги өндүрүш аймактары – Чүй, Жалал-Абад жана Ош облустары. Жашылчалар салыштырмалуу жогорку сезондук чыгымдары жана сатуу рынокторуна көз каранды болгон кирешеси көп өсүмдүктөрдүн катарына кирет.
Кайра иштетүүчү ишканалар продукцияларды салыштырмалуу арзан баада сатып алгандыктан, дыйкандардын продукцияны кайра иштетүүчү ишканаларга сатуусу экинчи орунга жылат,. Кайра иштетүүчү ишканалар эл аралык рынокторго көз каранды болгондуктан, алар көп учурларда баа атаандаштыгынын жогорку деңгээлине дуушар болушат. Бул кырдаал алардын дыйкандардан чийки заттарын кымбат баада сатып алуу мүмкүнчүлүгүн төмөндөтөт. Мындай учурларда ири ишканалар жашылчалардын массалык бышуу мезгилинде сапаты төмөн продукцияны сатып алышат, же өндүрүш ыкмаларын колдонуу менен жашылчаларды өз алдынча өстүрүүгө аргасыз болушат (мисалы, «Томат KG»).
Баасы кымбат болгондуктан дыйкандар негизинен эрте бышкан жашылчаларды өстүрүп жергиликтүү рынокко же экспортко сатууга кызыкдар болушат. Ички рынокту жергиликтүү ортомчулардын тармагынын жардамы менен чакан фермерлерден сапатка талаптар төмөн болгондуктан жашылчалар менен ийгиликтүү камсыздай алат. Бирок, экспорттук рынокко көбүнэсе фермерлер менен тыгыз байланышта болгон жана продукциянын сапатын көзөмөлдөй алган уюмдар керек болуп атат. Бул уюмдардан чакан чарбалардан продукцияны чогултуп, керектүү кондицияга жеткирип экспорттоочуларга бир кылка сапатта чоң көлөмдө сатууну талап кылынууда.

Учурдагы кырдаал жана көйгөйлөр
Өзүнүн потенциалдык чоң көлөмдөгү киреше берүү жөндөмдүүлүгү үчүн жашылчаларды коммерциялык өстүрүү чакан фермерлерге туура келет. Жашылчалардын түрүнө жараша жогорку баалары бар рынокторго жеткирүү үчүн, дыйкандарга жакшы уюштурулган кызматтарды жана сатуу каналдары талап кылынат. Дал ушул жагдай Кыргызстанда жашылчаларды өстүрүү тармагынын алсыз багыты болуп саналат. Дыйкандардын көп киреше алуусу үчүн мыкты сапаттагы үрөндөрдү жана жер семирткичтерди пайдаланууга мүмкүнчүлүктөрү болушу абзел. Тактап айтканда, жашылчалардын түшүмдүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу максатында, дыйкандарды өз убагында тийиштүү талаа жумуштарын жүргүзүүгө стимулдоо жана айыл чарба сезону бою ар тармактуу консультациялар керектелет. Ал эми аягында продукцияны кымбат баада рынокторго жеткирүү үчүн топтоо жана сорттоо сыяктуу түшүм жыйнагандан кийинки кызматтар cөзcүз талап кылынат. Дыйкандар үчүн жогоруда аталган кызматтар менен бирге кайра иштетүү жана сатуу боюнча байланыштары жакшы түптөлгөнү кошумча нарк чынжырларын каржылоонун баштапкы шарты болот.
Кошумча нарк чынжырчаларынын өнүктүрүүгө Долбоор кандай көмөктөшөт
Жашылчаларды өстүрүү жогорку киреше алып келүүгө жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө потенциалы бар өзгөчө адистештирилген бизнес болуп саналат. Ал баштапкы өндүрүш деңгээлинде да, рыноктун структурасы, талаптар жана динамика үчүн да спецификалык билимди талап кылат. Айыл чарба консультациялык кызматтары (АКК) ушундай билимге жана көндүмдөргө ээ болушу керек. Маркетинг аспектилери башынан эле маанилүү ролду ойнойт жана сортторду, өндүрүш ыкмаларын жана схеманы уюштурууну тандоого таасир этет.
Маркетинг инфраструктурасы конкреттүү максаттуу рынок тарабынан аныкталат. Сапат аспектиси маанилүү ролду ойнойт. Ошентип, жашылчалар КНЧларынын алкагында ийгиликтин негизги шарты туура тандалган кайра иштетүүчү ишканалар жана сатуучулар болуп саналат.
Жашылчалардын айрым түрлөрү үчүн эрте бышкан жашылчалардын рыногу кызыктуу болот, анткени ал кымбат баада сатуу мүмкүнчүлүгүн берет. Бул дыйкандарга көмөктөшүү схемасын уюштурууну толугу менен аныктайт. Ачык асман алдында жашылчалардын эрте быша турган сортторун өстүрүү үчүн түштүк жергесинин ысык климаттуу төмөнкү зоналары гана ылайыктуу. Башка аймактарда жашылчаларды күнөсканаларда өстүрүү гана эрте түшүм алып, кымбат баада сатуу мүмкүнчүлүгүн берет. Капустанын айрым сорттору үчүн кеч бышчу жашылчалардын рыногу кызыктуу болушу мумкун, анткени кеч күздө капустаны кышка консервалоого суроо-талап жогорулайт. Тамыр өсүмдүктөрү үчүн сактоо абдан маанилүү, анткени сезондук базар баалары жаз мезгилинен баштап кийинки түшүм жыйноо мезгилине чейин эң жогорку чегине жетет.