Бирге өнүгөлү: туруктуу каржылоо аркылуу дыйкандарды өндүрүштүк-сатык чынжырчаларына интеграциялоо.

Бирге өнүгөлү: туруктуу каржылоо аркылуу дыйкандарды өндүрүштүк-сатык чынжырчаларына интеграциялоо.

Баяндама

Кыргызстандын мөмө-жемиш өндүрүү потенциалы акыркы жылдары ишке аша баштады. Учурда, болжол менен 53 000 гектар жер аянтын көп жылдык өсүмдүктөр ээлейт (2022-ж.).

 

Негизги жемиштер: – алма (26,5 миң га), өрүк (12,9 миң га), алча (3,8 миң га), кара өрүк (2,3 миң га) жана алмурут (2,2 миң га. Ошондой эле чакан аянттарда шабдалы (900 га), курма (500 га), анар (250 га) жана бий алма (250 га) өстүрүлөт. Калгандары башка көп жылдык өсүмдүктөр. Кээ бир маанилүүлүгү төмөн өсүмдүктөрдүн импорттун ички өндүрүш менен камсыз кылса болот. Бирок негизги жемиштер үчүн экспорттук рынокторго чыгуу перспективасы жакынкы жылдарда өнүгүү үчүн чоң мааниси бар.

 

Мөмөлөрдүн аянты 3000 гектарга жакын, анын ичинен кулпунай – 1300 га, малина – 1000 га, карагат – 600 га жана мөмөлөрдүн башка түрлөрү 100 га. Учурда мөмөлөр негизинен ички рынок үчүн өстүрүлөт. Бирок акыркы жылдары, негизинен Казакстан менен Орусияга экспорттоонун эсебинен, мөмөлөрдүн экспорту 3900 тоннага чейин көбөйдү.  Мөмөлөрдүн өндүрүшүн кеңейтүү жогоруда аталган экспорттук рынокторго таянышы керек, ал эми келечекте Кытай ири кардар болушу ыктымал.

Мөмө-жемиштер КНЧ

Учурдагы кырдаал жана көйгөйлөр

Мөмө-жемиштерди өндүрүүдөгү начар түшүмдүүлүгүнүн, каражат эффективдүүлүгүнүн жетишсиздигинин жана рентабелдүүлүктүн төмөндүгүнүн (айрым учурларды эске албаганда) Кыргызстандын дыйкандары үчүн бир нече себептери бар:

Жогорууда белгиленген себептердин негизгилери төмөнкүлөр:

  1. Жумуш күчүнүн жеткиликтүүлүгүнөн жемиштер жана мөмөлөрдү өндүрүү чакан масштабдагы өндүрүштүн структурасына шайкеш келет (эмгекти кеп талап кылуучу өсүмдүктөр).

 

Бирок, чакан өндүрүштүн структурасы төмөнкү тоскоолдуктарды жаратат:

– фермерлерди каражаттар, насыя жана аркандай кызматтар менен камсыз кылууну кыйынчылыктарды жаратат.

– ар бир дыйканды агрономиялык практика жана рыноктук маалымат боюнча билимин жана көндүмдөрүн канааттандыраарлык деңгээлге жеткирүүнү татаалдатат;

– бирдей сапаттагы продукциянын чоң көлөмдөрү менен рынокту камсыздоо мүмкүнчүлүгүн кыйындатат.

 

Чакан дыйкан чарбалардын структурасынын кемчиликтерин компенсациялоо үчүн дыйкандарга керектүү кызматтарды көрсөтүү үчүн, өз ара жардамдашуу уюмдары же компаниялар жетишсиз. Мөмө-жемиштерди топтоо, таңгактоо жана сактоо (муздатып сактоо кампаларын камтыган) кесипкөй маркетинг инфраструктурасынын жоктугу, экспорттук рыноктор менен стабилдуу жана тыгыз байланыштын жетишсиздигинин жыйынтыгында, дыйкандардын өндүрүштү кеңейтүүгө кызыгуусунун жетишсизздигине алып келет. Ошондуктан түшүм жыйнагандан кийинки жоготуулар көп болот.

2) Кыргызстанда сапаттуу көчөттөрдү сунуштаган адистештирилген көчөтканалардын жоктугу сыяктуу олуттуу кемчиликтер бар. Ошондой эле, жемиштердин ооруларга туруктуу подвойлоруна жана сортторуна суроо-талапты эске алсак, селекциядагы эл аралык прогресси пайдаланылбай атат. Кыргызстандагы учурдагы импорттоо жана карантин практикасы, мисалга алсак, алма бактарында көбүрөөк тарап аткан бактериалдык күйүк сыяктуу илдеттерди киргизүүгө жол берет.

Кошумча нарк чынжырчаларынын өнүктүрүүгө Долбоор кандай көмөктөшөт

Жашылчалар КНЧлары сыяктуу эле, мөмө-жемиштер да киреше жаратууга жана жумуш орундарын түзүүгө күчтүү потенциалы бар. Бирок, мөмө-жемиштер көп жылдык өсүмдүктөр болгондуктан, бактарды тигип-өстүрүү үчүн чоң инвестиция талап кылынат. Жемиш бактары үч жылга чейин түшүм бербейт жана 6-10 жылдан кийин гана толук кандуу түшүм бере баштайт. Мөмөлөр бир жылдан кийин эле жемиш бере алат жана эки-үч жылдан кийин толук түшүмдүүлүккө жетет. Коммерциялык мөмө-жемиш өндүрүүчүлөргө тиешелүү инфраструктурасы бар жакшы сатуу каналдары керек.

 

Жемиштерди өстүрүү искусствосу – агрономиялык көз караш аркылуу жогорку сапаттагы, минималдуу көлөмдөгү жемиштерди жыл сайын камсыз кылып туруу менен сатып алуучуларды узак мөөнөткө сактап калуу, жана ошону менен туруктуу жана ишенимдүү сатуу каналдарын түзүү. Жемиш бактары жыл сайын кароону талап кылат жана ушул жагдайдан жемиштердин түшүмдүүлүгү жана сапаты көз каранды болот. Жакшы жыйынтыкка жетишүү үчүн адистештирилген консультациялык кызматтар керек жана бактагы дарактарды кесипкөй бутоо боюнча кызматтар да керек болушу ыктымал.

 

Мөмөлөрдүн сактоо мөөнөтү жемиштерге караганда кыска болот. Чоң мөмө плантацияларында түшүм жыйналгандан кийин чийки бойдон сата албай турган түшүмдүн бөлүгүн, кайра иштетүүнүн же консервациялоонун биринчи этабы талап кылынат. Сактоо процесстери мөмөлөр үчүн да, жемиштер үчүн да маанилүү.