Бирге өнүгөлү: туруктуу каржылоо аркылуу дыйкандарды өндүрүштүк-сатык чынжырчаларына интеграциялоо.

Бирге өнүгөлү: туруктуу каржылоо аркылуу дыйкандарды өндүрүштүк-сатык чынжырчаларына интеграциялоо.

Баяндама

Буудай болжол менен 250 миң гектар, арпа 220 миң гектар аянтты ээлейт. Болжол эсеп менен буудайдын 40% (100 миң га) жана арпанын 90% (200 миң га) кайрак жерлерде өстүрүлөт.

 

Бул жалпы аянты дээрлик 300 миң га кайрак жердин 1/3 бөлүгүндө буудай жана 2/3 бөлүгүндө арпа өстүрүлөөрүн тастыктайт. Башка дан эгиндерин (сафлор, беде, гречка, таруу, сорго жана ж.б.) эске албасак болот. Буудайдын арпага караганда кургакчылыкка чыдамы төмөн. Ошондуктан жер кыртышындагы ным арыклуу азыктануу учун кайрак жерлерде күздүк буудайды өстүрүү абзел. Ошол эле учурда арпа жазгы эгин катары эгилет.

 

Күзүндө жайлоодон түшкөн малдар түшүм жыйналган жерлерде жайылып жүрүп күздүк дан эгиндерине коркунуч жаратышат. Бул жагдай кайрак жерлерге күздүк дан эгиндеринин аз аянтка эгилэээринин себеби болот.

 

Дан эгиндери, айрыкча алардын ичинен кайрак жерлерде өстүрүрүлгөндөрү, ар гектарынан салыштырмалуу төмөн рентабелдүү жана аз чыгашалуу өсүмдүктөр болуп эсептелет. Ошондуктан, күнүмдүк жашоого каражаттарды камсыздоо үчүн дыйкандын үй-бүлөсүнө сугат жерине караганда кайрак жердин бир канча көп аянты керек болот. Көбүнчө дыйкандардын менчигинде сугат жерлеринен тышкары кайрак жерлердин чакан аянттары болот. Жаан-чачындын көлөмүнө жараша кайрак жерлердеги дан эгиндери сугат жерлердеги дан эгиндерине караганда түшүмдүн кескин түрдө төмөндөшүнө көбүрөөк дуушар болушат. Ушул коркунучтарды минималдаштыруу үчүн дыйкандар аз чыгашаны талап кылган ыкмаларды колдонушат. Өлкөбүздө өндүрүлгөн арпанын дээрлик бардыгы жана буудайдын көпrчүлүк бөлүгү малга тоют катары колдонулат. Ошол эле учурда мамлекетибиздин ун чыгаруучу ишканалары Казахстандан импорттолгон буудайды иштетитшет, анткени анын сапаты жергиликтүү буудайга караганда жогору.

Дан эгиндеринин КНЧ

Учурдагы кырдаал жана көйгөйлөр

Дан эгиндерин өстүрүү үчүн жаан-чачынга көз каранды болгон кооптуу шарттар жана дыйкандардын  төмөн чыгымдагы ыкмаларды пайдалануусу жердин арыктап кетишине алып келет. Өзгөчө жаан-чачындын азайышы менен коштолгон климаттын өзгөрүшүн эске алсак, жогорудагы жагдай өндүрүш тобокелдиктерин дагы да жогорулатат.

 

Ошондуктан жердин арыкташы менен климаттын өзгөрүшү , кайрак жерлеринин чоң аянттарын иштетүүнү өтө кооптуу кылат. Жылдан жылга мындай жагдайлар Кыргызстандын азык-түлүк коопсуздугуна олуттуу терс таасирин тийгизе баштайт.

 

Башка жагынан алганда, эгерде дыйкандар кайрак жердин түшүмдүүлүгүн жогорулатуу жолдорун таап колдоно  алышса, анда пайдаланылбаган 300 миң га кайрак жердин азык-түлүк коопсуздугуна кошо турган салымы абдан зор болчудай.  Мындай жакшыртуулардан алынган дан эгиндеринин ар бир гектарына кошумча пайда аз болушу мүмкүн, бирок чоң аянттарда түшүмдүүлүктүн жогорулашы улуттук деңгээлдеги мааниге ээ. Мындай максаттарга жетүү үчүн, бул каражаттарды өздөштүрүү үчүн дыйкандарга узак мөөнөттүү мамлекеттик субсидияларды берүү маселесин ойлоштуруп көрсө болот.

Кошумча нарк чынжырчаларынын өнүктүрүүгө Долбоор кандай көмөктөшөт

Дан эгиндерин кайрак жерлерде өстүрүү бул жаан-чачынга көз карандылыгы бар ийгиликсиз болуу тобокелдиги жогору болгон экстенсивдүү технология болуп саналат. Тобокелдиктерди төмөндөтүү үчүн дыйкандар чыгашаларды аз талап кылган ыкмаларды колдонушат, бирок, жыйынтыгында, бул ыкмалар жерлердин арыкташына алып келет. Түздөн-түз себүү ыкмаларын колдонуу менен нөлдүк же жерди минималдуу айдоо технологияларын өзздөштүрүү Долбоорду ишке ашыруу стратегиясы болот. Бул үчүн атайын үрөн себүүчү жабдуулар талап кылынат. Бул ыкма топуракты механикалык даярдоонун бир нече операцияларынан үнөмдөөгө мүмкүндүк бергендиктен, жалпысынан айыл чарба техникасынын кызматтарынын чыгымдары көп жылдардан бери пайдаланып келген ыкмаларга салыштырмалуу төмөндөтүшү мүмкүн. Мындан тышкары, саман, мүмкүн болушунча, мульча катары дан эгиндеринин түшүмү жыйналгандан кийин талаада калышы керек.

 

Схема машина-трактордук станциянын (МТС) тегеринде бириккен дыйкандардын тобунан турат, МТС дыйкандардын тобун айыл чарба техникасынын кызматтары менен гана тейлебестен, каражаттар жана консультациялык кызматтар менен да камсыз кылат. Долбоор менен кызматташуу үчүн МТСке баштапкы талап түздөн-түз себүүчү машиналардын болушу жана аларды сатып алууга алдын-ала каржылоону талап кылышы мүмкүн. АКК кол коюлган контрактка ылайык программага катышуу үчүн фермерлерди мобилизациялайт.

 

Көп жылдардан бери пайдаланып келген ыкмаларда жерди айдаганда топурак аңтарылат, ал эми топуракты нөлдүк айдоо ыкмасынын оң таасири анаэробдук абалдан аэробдук абалга жана тескерисинче өткөндө топурактын микробдору бузулбайт. Узак мөөнөткө топурактын үстү саман менен жабылгандыктан, жыйынтыгында, топурактагы гумустун көбөйүшүнө шарт түзөт. Нөлдүк айдоо ыкмасынын кемчилиги-талааларда отоо чөптөрүнүн көбөйүп кетиши жана алар менен күрөшүүдө атайын гербициддер талап кылынат.

 

Топуракты даярдоодогу бул инновация башка тиешелүү агрономиялык методдорду жакшыртуу менен айкалыштырылат, тактап айтканда: i) сертификацияланган сапаттуу үрөндөрдү пайдалануу; ii) адаттагыдай бир тараптуу азотту гана топуракка чачууга караганда дан эгиндерине азык заттарын көбүнесе теңдечү жер семирткичтерди чачуу нормаларын сактоо мыктыраак болот; iii) бардык талаа жумуштарын убагында жүргүзүп туруу.

 

Тажрыйба көрсөткөндөй, мындай ыкма түшүмдүүлүктү 20%-30% га жогорулатат, түшүмсүздүк тобокелдигин төмөндөтөт жана дандын сапатын жакшыртууга шарт түзөт. Узак мөөнөттүү перспективада, топурактын сапатын жакшыртуу менен бирге (топуракта гумус катмарынын көбүрөөк болушу жана нымдуулукту сактоонун мыкты жөндөмдүүлүгү) жогорудагы артыкчылыктарынын көбөйүшү күтүлөт.

 

Күзүндө отургузулган күздүк дан эгиндери (негизинен буудай) жазгы дан эгиндерине (негизинен арпа) караганда тобокелдиктер азыраак (алар кыш мезгилинде топуракта топтолгон нымды пайдаланышат), Долбоордо негизги багыт күздүк буудай өстүрүү болот. Буга көп жылдан бери калыптанган мал жаюу ыкмасы тоскоолдук болот, анткени күзүндө тоо жайлоолорунан кайтып келгенден кийин мал жыйналган талааларда оттоого калтырылат жана ошону менен көбүнчө күздүк буудай өнүп чыккан талааларда оттойт. Бул көйгөйдү чечүү үчүн айылдардын көпчүлүк тургундарын программага катышууга көндүрүү аракеттери көрүлүп атат. Коомчулуктун басымы менен айыл тургундары малды күздүк дан эгиндери себилген талаалардан алыс кармай тургандыгына үмүт бар.