Бирге өнүгөлү: туруктуу каржылоо аркылуу дыйкандарды өндүрүштүк-сатык чынжырчаларына интеграциялоо.

Бирге өнүгөлү: туруктуу каржылоо аркылуу дыйкандарды өндүрүштүк-сатык чынжырчаларына интеграциялоо.

Баяндама

2022-жылы картошка 74 миң гектарга жакын аянтка өстүрүлгөн. Акыркы беш жылда картошканы өстүрүү аянты кыскарды. Ошентсе да, Кыргызстандын калкынын жылдык керектөөсүн 0,7 млн. тоннага жакын экенин эске алсак, 1,26 млн. тонна көлөмүндө картошканын ички өндүрүүнүн көлөмү ички керектөөдөн 1,8 эсе ашык болот.

Кыргызстанда бийик тоолуу аймактардын көптүгүнөн курт-кумурскалар аз болуп вирустардын жугуш деңгээли салыштырмалуу төмөн болгондуктан,  картошканы, өзгөчө үрөндүк картошканы, өстүрүү үчүн идеалдуу шарттар бар.

Картошка КНЧ

Учурдагы кырдаал жана көйгөйлөр

Картошканын орточо түшүмдүүлүгү болжол менен 17 т/га, бирок айрым фермерлер 50 т/га чейин түшүм алышат. Ат-Башы жана Нарын сыяктуу аймактарда азык-түлүк картошкасын өстүрүү, негизинен үрөндүк картошканын жана жумуш күчүнүн чыгымдарынан улам салыштырмалуу жогорку чыгымдар менен байланышкан, андыктан тобокелдиктерди дээрлик актабайт. Мындан сырткары, азык-түлүк картошкасынын сапаты көпчүлүк учурда эл аралык стандарттарга жооп бербейт.

Адатта картошканын баасы аны импорттогон коңшу өлкөлөрдөгү (негизинен Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан) кырдаалга жараша өзгөрүп турат. Кыргызстанда картошканын рыногу ачык болгондуктан, Кыргызстандагы картошканын баасына Орусияда өндүрүлгөн картошканын көлөмү чоң таасир этет. Ал эми Орусияда өндүрүлгөн картошканын көлөмү аба ырайынын шартына жараша болот (Орусияда картошка негизинен кайрак жерлерде өстүрүлөт). Орусияда картошканын түшүмдүүлүгү жакшы болсо, анда жергиликтүү ири картошка рыногу, Өзбекстан, Пакистандан импорттоодон тышкары Орусиядан арзан картошканы импорттойт же толугу менен Орусиядан сатып алат. Орусияда түшүмдүүлүк төмөн болсо, Кыргызстанда картошканын баасы ошого жараша кымбат болот. Тажикстанда картошканын түшүмдүүлүгү төмөн болсо, Тажикстан картошканы Кыргызстандан же Пакистандан көп өлчөмдө импорттойт. Жогорудагы жагдай аймакта баалардын калыптанышына да таасирин тийгизет.

Мындан тышкары, картошканын баасы сезонго жараша өзгөрүп турат. Баалардын төмөндөшү август айында картошканын орточо кеч жана кеч бышуучу сортторунун басымдуу бөлүгү жыйналганда башталып, кийинки жылдын февраль айына чейин уланат. Март айынан июлга чейин картошканын баасы өсүп, июнь айында кампаларда картошка түгөнө баштаганда эң бийик деңгээлге жетет.

Баа тобокелдигине карабастан, Кыргызстандын картошкасы үчүн, айрыкча үрөндүк картошка үчүн, туруктуу экспорттук рынокту өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүктөр бар. Тоолуу аймактардын жана сугат жерлердин артыкчылыктарын кеңири пайдаланса болот. Бирок, өстүрүлчү картошканын түшүмдүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу негизги шарт болушу керек.

Кошумча нарк чынжырчаларынын өнүктүрүүгө Долбоор кандай көмөктөшөт

Долбоор картошканы, өзгөчө картошка үрөнүн, өндүрүү боюнча Кыргызстандын потенциалын пайдаланууну колдоого алат. Коңшу өлкөлөргө, маселен Өзбекстанга картошканы экспорттоо, негизги маркетинг опциясы болуп саналат. Үрөн өндүрүү үчүн Европадан алынып келген элиталык же супер элиталык үрөндүк картошкаларды эки же үч жолу көбөйтүп өндүрүп үрөн картошкасы катары сатуу мүмкүнчүлүгү токтогучакты сатылып турат. Бул үрөндүк картошканын дээрлик вируссуз жана сапаттуу болушун камсыз кылуу үчүн сертификаттоо жана көзөмөлдөө системасы керек. Мындай система сөзсүз мамлекеттик болушу шарт эмес, ал мамлекеттик эмес уюмдардын сетификаттоо системасы да болушу мүмкүн. Кардарлардын сертификатка ишеничинин болушу негизги момент болот.

Схеманы ишке ашыруу үчүн Долбоор дыйкандарды мобилизациялоо жана үрөндүк картошканы көбөйтүп өстүрүү боюнча консультацияларды берүү үчүн АКК менен кызматташат. Мындан тышкары, Долбоор дыйкан чарбаларына тийиштүү сапаттагы үрөндүк картошканы таратуу үчүн элиталык үрөндүк картошканын импортерлору менен кызматташат. Ошондой эле Долбоор азык-түлүк картошкасын өндүргөн дыйкандардын топтору сапаттуу үрөндүк картошканы сатып алуу үчүн кызматташат. Ал эми жогоруда аталган сапатты көзөмөлдөө жана сертификациялоо системасын түптөө үчүн Долбоор ассоциациялар же башка уюмдар же компаниялар менен кызматташат. Үрөндүк картошканы сатууну камсыз кылуу үчүн экспорттоочу компаниялар менен кызматташуу да керек. Жогорууда аталган өнөктөштөр бири-бири менен байланыш түзүшү үчүн Долбоор колдоо көрсөтөт жана зарылчылыкка жараша консультацияларды берип турат.