Бирге өнүгөлү: туруктуу каржылоо аркылуу дыйкандарды өндүрүштүк-сатык чынжырчаларына интеграциялоо.

Бирге өнүгөлү: туруктуу каржылоо аркылуу дыйкандарды өндүрүштүк-сатык чынжырчаларына интеграциялоо.

Баяндама

Чүй облусунда кант өндүрүү жакшы өнүккөн жана 2 миңге жакын  дыйкандын кирешелеринин чоң  бөлүгүн камсыздайт. 2022-жылы дыйкандар 9 миң гектардай аянтты иштетишкен.

Дыйкандар өндүргөн продукция эки заводдо кайра иштетилет. Бул эки завод бир кожоюнга таандык. Жогорудагы заводдор дыйкандардын тандоосуна ылайык кант кызылчасынын үрөндөрү менен камсыз кылышат жана белгилүү көлөмдөгү кант кызылчасынын көлөмүн сатып алууга келишим түзүшөт. Дыйкандар сегиз кабыл алуу пункттарына өздөрү өстүргөн кант кызылчасын жеткирип бергендиги үчүн  30% накталай акча жана 70% натуралдык түрдө (кум шекер жана жом) алышат. Заводдордон алган кум шекерди дыйкандар өз алдынча сатышат. Ошентип, дыйкандардын мойнуна олуттуу сактоо чыгымдары жана баа тобокелдиктери илинет.

Өлкөнүн кант өндүрүшү ички суроо-талапты болжол менен 55% камсыздайт. Калганы рафинирленбеген тростник кантын импорттоо менен камсыздалып жана ал эки заводдо кайра иштетүү мөөнөтүн узартуу максатында рафинирлөөдөн өткөрүлөт.

Кант кызылчасынан өндүрүлгөн продукция караганда кант тростнигинен өндүрүлгөн продукция менен баа боюнча атаандаша албай тургандыгы жалпыга маалым. Бирок, Евразия Экономикалык Биримдиги (ЕАЭБ) Бажы системасынын жардамы менен өз территориясынын ичинде кант кызылчасын өндүрүүнү коргойт. ЕАЭБде канттын баасы негизинен Оруссияда, Беларуста, Казакстанда жана Кыргызстанда кант кызылчасынын өндүрүүнүн көлөмүнө көз каранды, ошол эле учурда Кыргызстан башка өлкөлөргө салыштырмалуу өндүрүштүн көлөмүнүн төмөндүгүнөн дээрлик эч кандай таасир тийгизе албайт. 2017-2019-жылдар аралыгында канттын баасы төмөндөп килограммы 33 сомдун тегерегинде болсо, андан бери баа жогорулай берип, 2021-жылы туу чокусуна жетип, килограммы 86 сомго жетти. 2022-жылы канттын баасы кайрадан төмөндөп килограммына 73 сомго жетти. Бирок убакыттын өтүшү менен кант өндүрүү кирешелүү боло баштады, айрыкча кайра иштетүүчү ишканалар үчүн кирешелүү болду.

Кант КНЧ

Учурдагы кырдаал жана көйгөйлөр

Чүй өрөөнүндө кант кызылчасынын орточо түшүмдүүлүгү 50 т/га төмөн болгондуктан кант кызылчасынын башка өсүмдүктөр менен атаандашуусу үчүн рентабелдүүлүгү жетишсиз. Бул акыркы 5 жылда кант кызылчасынын аянттарынын кыскаруусун чагылдырып турат. Кант кызылчасын өстүрүүнүн агротехникалык ыкмалары жакшыртууга чоң мүмкүнчүлүктөрдү сунуштайт. Мисалы, кант кызылчасынын талааларында жер семирткичтердин колдонуу көлөмү жетишсиз жана түрдүү пайдалуу азыктар менен байытылган эмес. Талаа жумуштарын жүргүзүү ар дайым өз мөөнөтүндө аткарыла бербейт. Топуракта нымды сактап жана айыл чарба сезонунда кант кызылчасына керектүү нымды камсыздоо мүмкүнчүлүгүн берген жерди күзгү айдоо да пайдаланылбай келет. Жерди күзгү айдоо ным менен камсыздоодон сырткары зыянкечтерге каршы күрөшүүнү да күчөтөт. Кыш мезгилинде түптөлүп калган мындай топуракта кант кызылчасынын үрөндөрү тегиз жакшы өсүп чыгат. Дыйкандардын жерди которуштуруп айдоону колдонбогондугу дагы бир олуттуу көйгөй болуп турат. Эгерде бардык агротехникалык нормалар аткарылса, кант кызылчасынын түшүмдүүлүгү 50 т/га ашык болуп дыйкандарга кайрадан жагымдуу өсүмдүк болуп калат.

Кошумча нарк чынжырчаларынын өнүктүрүүгө Долбоор кандай көмөктөшөт

Схемалар түшүмдүүлүктү жогорулатуучу технологиялар боюнча консультациялык кызматтарды көрсөтүүгө багытталган. Кант кызылчасын өстүрүүнүн мыкты тажрыйбаларын өздөштүрүү менен түшүмдүүлүктү гектарынан 50 тоннадан 80 тоннага чейин көбөйтсө болот.  Гектарына чыгымдар көбөйгөнүнө карабастан, таза киреше 70% га жогорулайт. Сапаттуу айыл чарба техникасынын кызматтарын колдонуу түшүмдүүлүктү жогорулатуунун негизги шарты болот. Ал эми бул кант кызылчасын өстүрүүнү адистештирилген дыйкан чарбалары үчүн кайрадан кызыктуу кылат.

Эки кайра иштетүүчү заводдун кайра иштетүү кубаттуулугу фермерлерден кант кызылчасын сатып алуу көлөмүн чектейт. Ушундай жагдайда түшүмдүүлүктүн жогорулашы кант кызылчасынын ашыкча көлөмүн өндүрүлбөш үчүн кант кызылчасынын аянтарын азайтуу керектигин билдирет. Аз адистештирилген жана аз продуктивдүү дыйкандар кант кызылчасынан башка өсүмдүктөрдү өстүрүүгө өтүүгө мажбур болот. Окуялардын мындай өнүгүшү өлкөдөгү кант бизнесин колдоого өбөлгө түзөт, кант өндүрүүчү райондордогу жерлердин өндүрүмдүүлүгүн жогорулатат жана азык-түлүк коопсуздугун жакшыртууга өбөлгө түзөт, анткени кант кызылчасынын аз түшүмдүү же начар башкарылган талааларына башка өсүмдүктөр айдалат.  МТСтерде бардык керектүү жабдуулар бар, бирок алардын айрымдары эскирген. Схема менен кызматташууну каалаган  МТСтер дыйкандарды сапаттуу жана өз убагында кызмат көрсөтүү үчүн МТСтын эскирген техникаларын жаңылашы абзел болот.