Бирге өнүгөлү: туруктуу каржылоо аркылуу дыйкандарды өндүрүштүк-сатык чынжырчаларына интеграциялоо.

Бирге өнүгөлү: туруктуу каржылоо аркылуу дыйкандарды өндүрүштүк-сатык чынжырчаларына интеграциялоо.

Жалпы ыкма жана колдоо схемасы

Колдоо схемаларын түзүү үчүн Долбоордун алкагында өнүгүүгө жогорку деңгээлдеги потенциалы бар талапка ылайыктуу баштапкы өндүрүш кластерлери тандалат. Схеманын негизги максаты дыйкандарга керектүү айыл чарба кызматтарын көрсөтүү (ресурстар жана кредиттер менен камсыз кылуу, консультациялык кызматтарды, продукцияны жыйноо жана кондициялоо боюнча кызматтарды сунуштоо) болот. Долбоор башталганда дыйкандарды  колдоо схемасы долбоордун толук  мөөнөтүнүн ичинде  коммерциялык туруктуу боло алгыдай иштелип чыгат. Көпчүлүк учурларда, кластердеги бир же бир нече фермердик уюмдар же кызмат көрсөтүүчүлөр схеманы колдоо функцияларын өзүлөрүнө алышат жана бул фермердик кызматтарды коммерциялык негизде көрсөтүүнү улантышат. Уюштуруу структурасы дыйкандардын жана консультанттардын жана/же коммерциялык ресурстарды камсыздоочулардын жана сактоо, кайра иштетүү жана/же маркетинг кызматтарын көрсөткөн компаниялардын кооперативи болушу мүмкүн. Дыйкандарга керектүү жаңы айыл чарба кызматтары менен кошумчалоо мүмкүнчүлүгү бар уюштуруу структурасы ар кандай схеманын артыкчылыгы болот.

 

Дыйкандардын кирешелеринин аз дегенде 30-40% га көбөйүүсү, ал эми жакшы дегенде 50% же андан ашык деңгээлге көбөйүүсү мындай ыкманын экономикалык негизи. Мындай шартта дыйкандардын консультациялык кызматтарга төлөөгө мүмкүнчүлүгү пайда болот. Колдоо схеманын катышуучусу болуп дыйкандар биринчи жылдан баштап кыйла көбүрөөк киреше таба баштаганы ачык айкын болушу керек. Ал үчүн түшүмдүүлүктү кескин жогорулатуу жана/же продукциянын сапатын жакшыртуу аркылуу кымбат баада сатса болот. Мындай максатка жетүү үчүн айыл чарба консультациялык кызматтары (АКК) негизги элемент болот. АКК сапаттуу каражаттарды өз убагында камсыздоону камтыган түшүмдүн мониторинг системасын ишке ашыруу үчүн долбоор тарабынан жалданган. Бул концепцияга ылайык, айыл чарба консультанттары жума сайын программага катышып аткан дыйкандардын талааларына мониторинг өткөрүп, тийиштүү талаа жумуштарын өз убагында жүргүзүүнү сунушташат. Ошондой эле, алар зыянкечтерге каршы дары чачуунун экономикалык чегин аныктоо үчүн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн зыянкечтердин тийгизген залалынын деңгээлин баалашат. Бул система, иш жүзүндө, бир жылдын ичинде күтүлгөн түшүмдүүлүктүн жогорулашына жана/же сапаттын жакшырышына алып келет.

 

Бул фермерлерди программага катышууну улантууга ынандыруу жана алар консультациялык кызматтар үчүн да акча төлөө зарылдыгын түшүнүүсү үчүн маанилүү, ал эми бул өз кезегинде көрсөтүлүүчү кызматтардын туруктуулугун камсыздоо үчүн керек.

 

Жер-жерлердеги консультанттар Долбоордун башталышында финансылык жардамга муктаж болушат, бирок башынан эле өзүн өзү каржылоого жетишүү стратегиясы керек. Долбоордун аяктоосуна жакын финансылык колдоо толугу менен токтойт, демек дыйкандар консультациялык кызматтардын 100% тигил же бул жол менен төлөшү керек болот. Бул адатта, долбоор аяктагандан кийин айыл чарба консультанттары дыйкандарга кызмат көрсөтүүнү улантуу аркылуу жогоруда аталган уюштуруу структурасына интеграциясы менен коштолот.

 

Чарбалардын деңгээлинде жаңы же өркүндөтүлгөн өндүрүш каражаттарын жана техникаларын өздөштүрүүнүн бир нече стратегиясы бар. Алар түшүмдүүлүктү жогорулатуу жана продукциянын сапатын жакшыртуу үчүн маанилүү, бирок, адатта, мурда колдонулган өндүрүш каражаттарына жана техниканын кызматтарына караганда баалары кымбатыраак. Ошондуктан, көпчүлүк долбоорлордо пайданы көрсөтүү үчүн чыгымдар биринчи жылга же биринчи техникага гана төлөнөт. Бирок, туруктуулукка жетишүү үчүн (дыйкандар акча төлөөгө көнүшү үчүн) маанилүү фактор – фермерлер эч качан толугу менен бекер материалдар менен же айыл чарба техникасынын кызматтары тейленбеши керек.

 

Мүмкүн болушунча, беш кошумча нарк чынжырчаларынын (КНЧ) схемаларында негизинен ушул сунушталып аткан ыкманы пайдаланышат. Бирок, ар бир кошумча нарк чынжырчаларынын төмөндө келтирилгендей өзгөчө шарттары, талаптары жана баштапкы пункттары бар.