Бирге өнүгөлү: туруктуу каржылоо аркылуу дыйкандарды өндүрүштүк-сатык чынжырчаларына интеграциялоо.

Бирге өнүгөлү: туруктуу каржылоо аркылуу дыйкандарды өндүрүштүк-сатык чынжырчаларына интеграциялоо.
Долбоорго кимдер катыша алат?

Айыл чарба техникаларын жана технологиялык жабдууларды өндүрүүгө, кайра иштетүүгө, сактоого, жеткирүүгө жана тейлөөгө тартылган микро, чакан жана орто ишканалар, кластердин катышуучулары үчүн кызматтарды көрсөтүү, акыркы керектөөчүлөргө айыл чарба продукциясын жеткирүү, ошондой эле айыл чарба продукциясын өндүрүү жана кайра иштетүү үчүн кызматтарды жана зарыл компоненттерди көрсөткөн ишканалар долбоорго катыша алышат.

Долбоордун алкагында финансылык каржыны кантип алууга болот?

Насыя үчүн долбоордун каражаттары долбоордун өнөктөш коммерциялык банктары аркылуу айыл чарба кошумча наркт чынжырларынын катышуучуларына берилет. Долбоордун төмөнкү өнөктөш банктарына кайрылып, насыя алсаңыз болот: [бул маалымат кийинчерээк берилет]. Насыянын шарттары тууралуу маалыматты өнөктөш коммерциялык банктардан, долбоордун сайтынан жана / же +996755571557 телефону аркылуу же электрондук почтага кат жөнөтүү менен жооп алууга болот Avcfproject.kg@gopa-afc.de

Жабдууларды сатып алуу үчүн каражат алууга болобу?

Ооба, эгер сиз кошумчанакр чынжырынын жана/же кластердин мүчөсү болсоңуз ала аласыз. Долбоордун алкагында өнөктөш банктар аркылуу инвестициялык максаттарга үчүн насыялардын мөөнөтү 7 жылга чейин жабдууларды жана айыл чарба техникаларын сатып алууга жана капиталды толуктоого насыялоо каралган.

Долбоор Кыргызстандын ишканаларына гана тиешелүүбү?

Ооба, долбоордун акыркы бенефициарлары болуп Кыргыз Республикасында катталган микро, чакан жана орто ишканалар саналат,

Кыргыз Республикасында айыл чарба продукциясын өндүрүүгө, кайра иштетүүгө, айыл чарбасына кызмат көрсөтүүгө жана бөлүштүрүүгө тартылгандар.

Долбоор продукциянын сапатын тастыктоого жардам береби?

Ооба, долбоор айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү ишканаларга айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, сактоо жана сатуу боюнча эл аралык сапат стандарттарын киргизүүгө көмөктөшүүгө багытталган иш-чараларды камтыйт.

Насыя каражаттарына жетүүдөн тышкары дагы кандай техникалык колдоо көрсөтө алат?

Долбоордун алкагында насыя каражаттарына жетүү үчүн документтерди жана бизнес-планды даярдоо боюнча колдоо көрсөтүү каралган.

Насыя алуу үчүн эмнелер зарыл?

Насыя алуу үчүн сиздердин ишкана кошумча накр чынжырынын катышуучусу болушу, кирешелүү жана жана инвестициялык долбоордун критерийлерине жооп бериши зарыл. Насыяга арыз жана тиешелүү документтер долбоордун өнөктөш банктарынын кайсынысында болбосун берилүүгө тийиш.