“Кошумча нарк чынжырын агро каржылоо” долбоору Кыргызстандагы айыл чарба продукциясынын өндүрүшүн жана сапатын жогорулатууга багытталган. Долбоор Кыргыз Республикасынын бардык аймактарындагы кошумча нарк чынжырчаларына камтылган айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөргө жана кайра иштетүүчүлөргө техникалык жардам көрсөтүүгө багытталган.
Жогорудагы ишкерлерди Долбоордун бенефициарлары катары колдоо алуусу алардын жашыл технологиялар, климаттык жактан ойлоштурулган жер иштетүү, экологиялык жана социалдык стандарттар жөнүндө билимин кеңейтүүгө мүикүнчүлүк берет. Мындай жагдай продукциянын сапатын жакшыртуу, атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, айлана-чөйрөгө тийгизген терс таасирин азайтуу үчүн негизги механизм болуп, жыйынтыгында, Кошумча нарк чынжырчаларын күчөтүүгө жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга алып келет.
Ушул эле принцип айыл чарба продукциясын кайра иштеткен жана шаардын аймактарында иштеп аткан микро, чакан жана орто ишканаларды Долбоор колдой турган субъектилеринин катарына кошуу үчүн да колдонулат. Долбоор расмий түрдө 2023-жылдын 25-апрелинде башталган.
Долбоордун максаттуу бенефициарлары болуп Кыргызстандын бардык аймактарында айыл жана шаар жерлеринде айыл чарба продукциясын өндүрүү же жергиликтүү айыл чарба продукциясын кайра иштетүү менен алектенген микро, чакан жана орто ишканалар (МЧОИ) саналат.
Долбоор Европа Биримдиги, Европа Инвестициялык Банкы (ЕIB) жана Германиянын өнүктүрүү Банкы (KfW) тарабынан каржыланат, жалпы бюджети 37 млн.евро. Долбоордун EIB жана KfW тарабынан берилген насыя каражаттары жергиликтүү валютада тандалган коммерциялык уюмдар аркылуу тандалган айыл чарба кошумча нарк чынжырчаларынын катышуучуларына, ошондой эле, башка айыл чарба кошумча нарк чынжырчаларынын катышуучуларына да берилет. Жыйынтыгында, Долбоор тандалып алынган кошумча нарк чынжырчаларынын катышуучуларына, ошондой эле башка айыл чарба кошумча нарк чынжырчаларынын катышуучуларына насыя ресурстарын алууда колдоо көрсөтөт.
Долбоорду GOPA AFC Германиялык консалтинг компаниясы жергиликтүү GOPA-CAICo консалтинг компаниясы менен консорциумда жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин колдоосу жана активдүү катышуусу менен ишке ашырууда. Консорциумдун максаты – баштапкы өндүрүш багытында алдыңкы айыл чарба практикасын өздөштүрүү, агроазык-түлүк секторунда кайра иштетүүнүн жана бөлүштүрүүнүн жеткиликтүү мыкты технологияларын өздөштүрүү, эл аралык сертификаттоо системаларын өздөштүрүү жана фермерлерди бекемдетилген кошумча нарк чынжырчаларына интеграциялоо болуп саналат.