Бирге өнүгөлү: туруктуу каржылоо аркылуу дыйкандарды өндүрүштүк-сатык чынжырчаларына интеграциялоо.

Бирге өнүгөлү: туруктуу каржылоо аркылуу дыйкандарды өндүрүштүк-сатык чынжырчаларына интеграциялоо.

2025-жылдын 21-24-июлунда TES-Центрдин адистери бир нече айылдардагы кант кызылчасындагы талааларды зыянкечтер менен ооруларды аныктоо жана фермерлерге сунуштар берүү максатында мониторинг жүргүзүштү.

Мониторингде өзгөчө көңүл мучнистая роса жана тор кенеге бурулду. Бул жылы кургак жана ысык аба ырайы зыянкечтердин активдүүлүгүн жогорулатып, алардын тез көбөйүп жайылышына ыңгайлуу шарт түздү. Паукча адатта жайдын экинчи жарымында пайда болот жана учурдагы байкоолор анын активдүүлүгүнүн күчөгөнүн көрсөттү.

Мониторинг Жекен, Жон-Арык, Сары-Булак, Бекитай, Бөксө-Жол, Сосновка, Ак-Башат жана Малтабар айылдарындагы 40 фермердин талааларында жүргүзүлдү. Джапаровдор менен Өмүралиевдин талааларынан зыянкечтер жана оорулар табылган жок, бирок суу жетишсиздигинен улам түшүмдө кыйынчылыктар бар. Фермерлерге сугат иштерин өз убагында жүргүзүү боюнча сунуштар берилди.

 

Ак-Башат жана Сосновка айылдарында зыянкечтердин очоктору аныкталды: Ак-Башатта — кенелердин массалык жайылышы, Сосновкада — мучнистая роса белгилери. Фермерлерге тез арада акарицид жана фунгицид менен дарылоо жүргүзүү сунушталды.

Мониторинг учурунда көпчүлүк фермерлер түшүм жыйноо жана вегетациялык сугаруу менен алек болгондуктан, алардын катышуусу чектелген. Бирок TES-Центрдин адистери талааларды өз алдынча текшерип, керектүү сунуштарды телефон жана мессенджер аркылуу жеткирди.

Ошондой эле, сугат суу жетишсиздиги өсүмдүктөрдөгү стресс жана зыянкечтер менен оорулардын жайылышын күчөтүп жатканын белгилөө маанилүү.

Жыйынтыкта, мониторингдин жардамы менен көйгөйлүү участоктор өз убагында аныкталып, фермерлерге консультациялык жардам көрсөтүлүп, кант кызылчасындагы түшүмдү сактоо үчүн чаралар кабыл алынды.