Жар-Башы айылынын тургундары түшүмдүн сапатын жогорулатуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту
2024-жылдын 22-августунда Чоң-Алай районунун Жар-Башы айылында «Кошумча нарк чынжырчаларын агро каржылоо» долбоорунун талаа күнү болуп өттү. Иш-чарага KfW, өнөктөш уюмдар, райондук администрация, айыл башкармалыгынын өкүлдөрү, ошондой эле Жар-Башы айылдык кооперативинин мүчөлөрү жана башка кызкдар тараптар катышты.
Фермерлер жаңы технологиялар менен таанышып, продукциянын сертификатталуусу жана сатылышы боюнча маселелерди талкуулашты. «Кошумча нарк чынжырчаларын агро каржылоо» долбоорунун жардамы менен жергиликтүү тургундар өздөрүнүн түшүмдүүлүгүн жана продукциянын сапатын жогорулатуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.
Иш-чаранын жүрүшүндө жаңы агротехникалардын натыйжалары көрсөтүлгөн демонстрациялык участоктор коюлду. Фермерлер кооперативдер менен кызматташуу маселелерин талкуулап, уруктуу картошканы жеткирүү боюнча келишимдерге кол коюшту.