Жалал-Абад облусунун дыйкандары үрөндүн сапатына жана консультативдик колдоого ыраазычылык билдиришти
13–14-октябрда долбоордук команда Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Арстанбап-Ата жана Жай-Терек айылдарына талаа сапарын уюштурду. Сапардын жүрүшүндө дыйкандар менен жолугушуулар өткөрүлүп, алардын долбоордун ишине болгон канааттануусу, быйылкы сезонунун жыйынтыктары жана келерки жылга болгон пландары боюнча сурамжылоо жүргүзүлдү.
Сурамжылоонун жыйынтыгында бардык дыйкандар долбоор тарабынан берилген үрөн материалынын сапатына, ошондой эле көрсөтүлгөн консультациялык жана башка кызматтарга ыраазы экендигин билдиришти.
Учурдагы сезондо Жалал-Абад СКС ар бир дыйканга Парадизо сорту (Элита репродукциясы) боюнча 100 кг үрөн берип, ошондой эле өндүрүш каражаттары – жер семирткичтер жана өсүмдүктөрдү коргоо каражаттары менен камсыздаган. Орточо эсеп менен дыйкандар 3 сотыхтан 1 тонна түшүм алышкан (көбөйтүү коэффициенти 1:10). Дыйкандардын айтымында, Парадизо сорту башка сортторго салыштырмалуу ооруларга жана зыянкечтерге туруктуураак болуп чыкты.
Дыйкандар келерки жылга карата төмөнкү сунуштарды беришти:
- берилүүчү үрөндүн көлөмүн ар бир дыйканга 200 кг чейин көбөйтүү;
- айыл чарба каражаттарына жетүүнү жакшыртуу, айрыкча агро-дүкөндөр жок болгон Жай-Терек айылында;
- исламдык каржылоо механизмдерин киргизүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу.
Ошол эле учурда айрым маселелер да аныкталды. Жалпысынан жакшы маанайда өткөнүнө карабастан, кээ бир дыйкандар үрөнчүлүктүн концепциясын толук түшүнбөгөндүгү байкалган. Долбоордун максаты — дыйкандар өздөрү өндүргөн үрөн картошканы экинчи репродукцияга чейин өстүрүүсү болчу, бирок айрымдары аны тиешелүү документсиз жана тастыктоосуз эле сата башташкан. Ошондой эле үрөн инспекциясынын жоктугу да көйгөй катары белгиленди.
Жалпысынан, сапар ийгиликтүү өтүп, дыйкандардын кызматташууну улантууга жана аймактагы үрөнчүлүктү өнүктүрүүгө болгон кызыгуусун дагы бир жолу көрсөттү.





