Бирге өнүгөлү: туруктуу каржылоо аркылуу дыйкандарды өндүрүштүк-сатык чынжырчаларына интеграциялоо.

Бирге өнүгөлү: туруктуу каржылоо аркылуу дыйкандарды өндүрүштүк-сатык чынжырчаларына интеграциялоо.

14-январда Токмок шаарында «Стандарттар жана сертификация схемалары» семинары өттү.

«Кыргызстандагы кошумча нарк чынжырларын агрофинансылоо» долбоорунун алкагында тамак-аштын сапаты жана коопсуздугу боюнча эл аралык стандарттар жана сертификация схемалары боюнча семинар өттү, атап айтканда, ISO 9001, ISO 22000, GLOBAL GAP, Good Aquaculture Practices, EU ORGANIC жана FAIRTRADE.

Семинар Кыргызстандын балык чарба ассоциациясына мүчө ишканалардын өкүлдөрүн эл аралык сапат стандарттары жана аларды колдонуунун максатка ылайыктуулугу менен тааныштыруу максатында өткөрүлдү, бул ишканалар тарабынан стандарттарды негиздүү тандоого өбөлгө түзөт. Тамак-аш азыктарынын коопсуздугунун сапатын сертификациялоонун стандарттарын жана схемаларын ишке ашыруунун алкагында катышуучуларга Долбоордун ишканаларды сертификациялоону илгерилетүү боюнча иш-чаралары, тандоо критерийлери жана Долбоордон техникалык колдоо алуу жолдору жөнүндө маалымат берилди.

Семинар Токмок шаарында Чүй районундагы алты балык чарба өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү. Семинардын программасынын алкагында алынган продукцияны андан ары экспорттоо үчүн балыктарды инкубациялоо, өстүрүү жана кайра иштетүү этаптарында эл аралык стандарттарды киргизүү маселелери кеңири талкууланды.

«Семинарда биз тамак-аш азыктарынын коопсуздугу стандарттары жана аларды ишке ашыруунун максатка ылайыктуулугу жөнүндө көптөгөн пайдалуу маалыматтарды алдык, ошондой эле ишкана үчүн сунушталган сертификация мүмкүнчүлүктөрү тууралуу көбүрөөк билдик. Жакшы семинар өттү, келечекте алынган маалыматты бизнесибизди өнүктүрүүгө колдонобуз», – дейт семинардын катышуучусу, «Азия Плюс» компаниясынын өкүлү Калыс Жумабаев.

Долбоор азык-түлүк өндүрүүчүлөрү үчүн ишканаларды эл аралык стандарттар боюнча сертификациялоо маселелери боюнча, алардын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу максатында ушундай семинарларды өткөрүүнү пландаштырууда.

Маалымдама: «Кыргызстандагы кошумча нарк чынжырларын агрофинансылоо» долбоору 2023-жылдын 25-апрельде башталып, дыйкандарга жана кошумча нарк чынжырчасынын ишканаларына айыл чарба продукциясын өндүрүү жана кайра иштетүү боюнча жаңы алдыңкы технологияларды киргизүүгө, продукциянын сапатынын эл аралык стандарттарын ишке ашырууга жана улуттук валютада узак мөөнөттүү айыл чарба инвестициялык кредиттерине жетүүгө көмөк көрсөтөт.

Долбоордун жалпы бюджети 37 миллион евро түзөт жана Европа Биримдиги, Европа инвестициялык банкы жана Германия өнүктүрүү банкы (KFW) бирге каржылайт.

Долбоорду GOPA AFC германиялык компаниясы (CAIConsulting консалтинг компаниясы менен консорциумда) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин жана Айыл чарба министрлигинин көмөгү жана катышуусу менен ишке ашырууда.