Бирге өнүгөлү: туруктуу каржылоо аркылуу дыйкандарды өндүрүштүк-сатык чынжырчаларына интеграциялоо.

Бирге өнүгөлү: туруктуу каржылоо аркылуу дыйкандарды өндүрүштүк-сатык чынжырчаларына интеграциялоо.

2025-жылдын 30-июнунан 4-июлуна чейин Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин Лабораториялык сыноолор борборунун Химиялык-аналитикалык изилдөөлөр лабораториясы ISO 17025 эл аралык стандартынын талаптарына ылайык ишмердүүлүк чөйрөсүн кеңейтүү менен кайра аккредитациялоодон ийгиликтүү өттү.

Кошумча нарк чынжырчаларын агро каржылоо  долбоору бул процедуранын алкагында Кыргыз Республикасында тамак-аш азыктарынын сапатын жана коопсуздугун жогорулатуу максатында лабораторияда колдонулуп жаткан изилдөө ыкмалары бааланганын кубануу менен билдирет.

Долбоордун колдоосу менен киргизилген негизги ыкмалар:

  • Тамак-аш азыктарында сорбин жана бензой кислоталарын аныктоо;
  • Балда сахароза, глюкоза жана фруктозаны аныктоо;
  • Сууда коргошун, молибден, сүрмө, кальций, натрий, магний, алюминий, жез, сымап, барий, мышьяк, кадмий, селен, күмүш, цинк, темир, кобальт, литий, марганец, никель, стронций, бор жана уранды аныктоо;
  • Сууда пестициддерди (симазин, атразин жана 2,4-дихлорфеноксиуксус кислотасы) аныктоо;
  • Алкогольсуз суусундуктарда синтетикалык боёкторду аныктоо;
  • Тамак-аш азыктарында микотоксиндерди ВЭЖХ-МС/МС ыкмасы менен аныктоо.

Кошумча нарк чынжырчаларын агро каржылоо долбоору Лабораториялык сыноолор борборунун Химиялык-аналитикалык изилдөөлөр лабораториясынын кызматкерлерине жогорку кесипкөйлүгү жана лабораториянын мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүүгө кошкон маанилүү салымы үчүн ыраазычылык билдирет.