Талаа күнү: Жамгыр суусуна көз каранды буудай өндүрүүдө кыртышты нөлдүк иштетүү технологиясын көрсөтүү
2025-жылдын 27-майында Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Студентческое айылында GIZ тарабынан ишке ашырылып жаткан «Кыргыз Республикасында жашыл экономика жана туруктуу жеке секторду өнүктүрүү (GESPSD)» программасынын алкагында Талаа күнү өткөрүлдү. Иш-чара жаан-чачынга көз каранды аймактарда буудай өстүрүү үчүн кыртышты нөлдүк иштетүү (No-Till) технологиясын тааныштырып, климатка туруктуу айыл чарба ыкмаларын жайылтууга арналды.
Иш-чарага Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги (СРАЧКӨЖМ), Экономика жана коммерция министрлиги, Европа Биримдигинин Кыргызстандагы делегациясы, Швейцария өнүктүрүү жана кызматташтык агенттиги (SDC), Германия элчилиги, KfW, FCDO, Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (WFP), Дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы (ADB), ФАО, Кыргыз ун тартуучулар ассоциациясы, аймактык агрокеңеш берүү кызматтары, банктар, микрокредиттик уюмдар, ошондой эле GIZ ILUCA, GESPSD жана Кошумча нарк чынжырчаларын агро каржылоо долбоорунун өкүлдөрү катышты.
Кошумча нарк чынжырчаларын агро каржылоо долбоорунун командасы иш-чарага активдүү катышты. Долбоор дыйкандарга туруктуу агрардык ыкмаларды өздөштүрүүгө көмөктөшүп, айыл чарбадагы кошумча нарк чынжырчаларын өнүктүрүүгө, айрыкча үрөн системаларын жана климатка ыңгайлашкан технологияларды илгерилетүүгө багытталган.
Катышуучулар кыртышты нөлдүк иштетүү ыкмасы колдонулган демонстрациялык участокко барышты. GOPA-AFC, Машина-трактор станциялары (МТС) жана агрардык кеңеш берүү кызматтарынын адистери No-Till технологиясынын артыкчылыктарын көрсөтүштү: жер эрозиясынын алдын алуу, нымдуулукту кармоо, чыгымдарды азайтуу жана топурактын түшүмдүүлүгүн жогорулатуу – булардын баары климаттык өзгөрүүлөр шартында өзгөчө мааниге ээ.
Программада Айыл чарба министрлиги менен GIZ тарабынан ачылыш сөздөр, No-Till технологиясы боюнча презентация, суроо-жооп сессиясы жана талаа шартында бейформал баарлашуулар орун алды.
Бул талаа күнү тажрыйбаларды көрсөтүүгө, кызыкдар тараптар ортосунда диалог курууга жана Кыргызстанда нөлдүк иштетүү технологиясын кеңири жайылтууга өбөлгө түздү.