Талаа күнү: Климаттын өзгөрүү шартында эрте бышкан пияздын кошумча нарк чынжырын күчөтүү
Европа биримдиги, Европа инвестициялык банкы жана Германия өнүктүрүү банкы (KfW) биргелешкен “Кошумча нарк чынжырын агрокаржылоо” долбоорунун ишмердүүлүгүнүн алкагында, 17-майда Жалал-Абад облусунун Арал айылында долбоордун негизги өнөктөшү болгон “TES-борбор” айыл чарба консультациялык компаниясы менен биргеликте уюштурулган “Талаа күнү” болуп өттү.
Бул иш-чара Жалал-Абад облусунун фермерлери үчүн кошумча нарк чынжырын түзүүдө климаттын өзгөрүү шартында эрте бышуучу пиязды өстүрүү менен аны жайылтуу боюнча натыйжалуу ыкмалар жана технологиялар менен тааныштыруу максатында өттү. Иш-чарага көп жылдан бери пияз өстүрүү менен алектенген фермерлер, айыл чарба техникалары жана өндүрүш каражаттары менен кызмат көрсөтүүчүлөр, Ноокен районунун акими Ишенбеков Таалайбек, райондук башкармалыктын адиси, ошондой эле “Кошумча нарк чынжырын агрокаржылоо” долбоорунун эксперттери катышышты.
Иш-чара акимдин куттуктоосу менен башталып, катышуучулар үчүн эрте бышуучу пияз өстүрүүүн технологиялары боюнча презентациялар уланып, катышуучулар тарабынан активдүү талкуу жүрдү.
Иш-чаранын программасынын алкагында катышуучуларга “Арал Элим “кооперативинин ишмердүүлүгү, пияз өстүрүүнүн жакшыртылган агро технологияларынын натыйжалуулугу жана жакшыртылган технологияларды колдонуу менен пияз өстүрүүнүн экономикалык анализи жөнүндө маалымат берилди.
Талаа күнү бардык катышуучулар үчүн пайдалуу болуп, жаңы билим алууга жана тажрыйба алмашууга чоң мүмкүнчүлүк берди.