Бирге өнүгөлү: туруктуу каржылоо аркылуу дыйкандарды өндүрүштүк-сатык чынжырчаларына интеграциялоо.

Бирге өнүгөлү: туруктуу каржылоо аркылуу дыйкандарды өндүрүштүк-сатык чынжырчаларына интеграциялоо.

2024-жылдын 17-июлунда Сокулук районунун Биринчи Май айылында кант кызылчасын өстүрүүнүн жаңы технологиясы “КОНВИЗО СМАРТ” боюнча талаа күнү болуп өттү.

Иш-чарага Биринчи Май айылынын дыйкандары, ТES-борборунун, КWSтин жана «Кайыңды-Кант» жана «Кошой» заводдорунун өкүлдөрү, ошондой эле айыл чарба тармагынын алдыңкы адистери катышты. Адистер отоо чөптөр, зыянкечтер жана илдеттер менен күрөшүүнүн сырлары менен бөлүшүп, ошондой эле KWS кант кызылчасынын гибриддик түрлөрүнө токтолушту. Алар бул технология кант кызылчасынын түшүмдүүлүгүн жогорулатууга, гербициддер менен дарылоого кетчү чыгымдарды азайтууга жана продукциянын сапатын жакшыртууга жардам бере тургандыгына өзгөчө көңүл бурушту.

Иш-чаранын жүрүшүндө Биринчи Май айылынын дыйкандары кант кызылчасынын түшүмдүүлүгүн жогорулатуунун жаңы технологиялары менен таанышып, КОНВИЗО СМАРТ технологиясы менен себилген көрсөтмө талаа менен таанышышты.