Заманбап айыл чарба технологияларынын жардамы менен дыйкандардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү
“Кошумча нарк чынжырын агрокаржылоо” долбоору айыл чарба өндүрүшүнүн алдыңкы технологияларын киргизүү боюнча фермерлерге көмөктөшүү ишинин алкагында жана жазгы талаа иштерин эске алуу менен бул технологияларды киргизүү боюнча тандалып алынган фермердик топтор менен кызматташат.
2024-жылдын 20-25-апрелинине чейин долбоордун эксперттери “TEZ борбор” өнөктөш консультациялык компаниясы менен биргеликте таттуу калемпир жана кант кызылчасын өстүрүүчүлөрү үчүн, ошондой эле, “Жашылча” жана “Кант кызылча” кошумча нарк чынжырларынын фермердик топтору үчүн бир катар практикалык тренингдерди жана консультацияларды өткөрүштү. “Таттуу калемпирди өстүрүүнүн агротехникасы”, “Көчөттөрдүн абалына мониторинг жүргүзүү”, “Кант кызылчасынын өнүшүнө мониторинг жүргүзүү” тренингдерине Чүй облусунун 100дөн ашык фермерлери катышты.
Көчөттөрдү өстүрүү технологиялары боюнча практикалык сабактар өткөрүлүп, талаадагы отоо чөптөр менен күрөшүүнүн натыйжалуу ыкмалары боюнча сунуштар берилди. Ошондой эле кошумча нарк чынжырынын катышкан фермерлерге техникалык колдоо көрсөтүү долбоорунун алкагында, 2024-жылдын 8-майында Чүй облусунун кызылча менен алектенген дыйкандары үчүн практикалык консультациялар өткөрүлдү.
Практикалык консультация фермерлерге маалымат берүү форматында өтүп, андан ары талкууга жана практикалык демонстрация менен жыйынтыктады. Өткөрүлгөн парктык консультацияга катышкан 15 фермер-кызылча өстүрүүчүлөргө минералдык жер семирткичтерди киргизүүнүн технологиялары, ошондой эле кант кызылчасын өстүрүүдө отоо чөптөр менен күрөшүүнүн натыйжалуу методдору окутулду.