ОсОО «Алайку Органикс» кызматкерлерине тамак-аш продукциясынын коопсуздугу боюнча ISO 22000:2018 менеджменти системасы боюнча окутуу өткөрүлдү
ОсОО «Алайку Органикс» компаниясынын 10 кызматкерлери 2025-жылдын 10-11-апрелинде Тамак-аш продукциясынын коопсуздугун башкаруу системасы ISO 22000:2018 боюнча тренингден өтүштү. Бул тренинг Кошумча нарк чынжырчаларын агро каржылоо долбоорунун колдоосу менен уюштурулуп, компаниянын кызматкерлеринин коопсуздук жана сапат боюнча талаптарга болгон билимин арттырууну көздөгөн.
Тренингтин негизги максаты – кызматкерлерди ISO 22000:2018 стандарттын талаптары жана анын ишке ашыруусунун маанилүүлүгү боюнча терең билимин арттыруу. Ошондой эле, аларды стандарттын талаптарын толук аткаруу жана коопсуздук системаларын ишке киргизүү процессине толугу менен тартуу.
Тренингдин жүрүшүндө катышуучулар ISO 22000:2018 стандартынын негизги принциптери жана талаптары менен таанышып, анын колдонулушу боюнча практикалык мисалдарды карашкан. Мындан тышкары, ISO/TS 22002-1:2009 техникалык спецификациялары да каралып, катышуучуларга системанын бардык аспекттери боюнча жогорку деңгээлде түшүндүрмөлөр берилген.
Тренингте интерактивдүү жана теориялык-практикалык методдор колдонулду. Кызматкерлер теориялык билимдерин практикада колдонуу үчүн иш-чаралар өткөрүшүп, ISO 22000:2018 стандартын компаниянын ишинде ишке ашыруу боюнча өз ойлору менен бөлүшүштү.
Бул тренинг Кошумча нарк чынжырчаларын агро каржылоо долбоорунун колдоосу менен өткөрүлдү. Долбоор агро тармагындагы компанияларга стандарттарды колдонуу жана өз ишин жогорку сапатта жүргүзүү үчүн жардам көрсөтүү максатын көздөйт.
ОсОО «Алайку Органикс» алдагы аракеттерин ISO 22000:2018 стандарты боюнча сертификацияны алуу жана аны толугу менен ишке ашыруу багытында улантып, өз продукциясынын сапаты жана коопсуздугун камсыз кылуу боюнча дагы бир кадам алдыга таштады.
Бул тренингтин өткөрүлүшү — агроөнөр жайында иштеген компаниялар үчүн эл аралык стандарттарга ылайык иштерин жүргүзүүдө маанилүү кадам болуп саналат. ОсОО «Алайку Органикс» компаниясы буга чейин эле сапатты жакшыртууга багытталган бир катар иш-чараларды жүргүзүп келген жана бул тренинг дагы ошол аракеттердин уландысы болуп калды.