Нарын облусунда үрөндүк картошка боюнча талаа мониторинг жүргүзүлдү
2025-жылдын 8–9-октябрында долбоордун эксперттери өнөктөштөр «Агролид» жана KGFRAS менен биргеликте Нарын облусунун Ат-Башы районунда үрөндүк картошка боюнча айыл чарба схемасына талаа мониторинг жүргүзүштү.
Сапардын максаты – үрөндүк картошканын көбөйтүү коэффициентин эсептөө жана дыйкандардын өткөн айыл чарба сезону боюнча канааттануусун баалоо болду.
Мониторинг учурунда адистер фермердик топтордун лидерлери жана үрөн инспектору менен жолугушуп, үрөндүк материалдын орточо массасын аныктоо боюнча эсептөөлөрдү жүргүзүштү. KGFRAS кызматкери 50 кг картошкадагы клубеньдердин санын эсептеп, зыянкечтер менен оорулардын бар-жогун аныктоо үчүн лабораториялык анализге үлгүлөрдү алды.
Сурамжылоонун жыйынтыгына ылайык, дыйкандар жалпы жонунан өткөн сезондун натыйжаларына ыраазы экенин белгилешти. Орточо түшүмдүүлүк 1 гектардан 30 тонна тегерегинде түздү. Өстүрүлгөн продукциянын сапаты да канааттандырарлык деп табылды. Жыйналган түшүм Кочкор районуна сактоо үчүн жеткирилди.
Ошол эле учурда айрым маселелер да аныкталды. Атап айтканда, сезондогу иштер боюнча фенологиялык журналдардын жоктугу жана HZPC компаниясынан алынып келген үрөндүк картошканын сапатына байланыштуу (өнүп чыгуу жана фракциясынын чоңдугу боюнча) суроолор көтөрүлдү.
Бул талаа мониторинг долбоор адистерине схеманын ишке ашуу жүрүшүн баалоого жана үрөндүк картошка өндүрүүдө практикаларды жакшыртуу багыттарын аныктоого мүмкүндүк берди.





