Бирге өнүгөлү: туруктуу каржылоо аркылуу дыйкандарды өндүрүштүк-сатык чынжырчаларына интеграциялоо.

Бирге өнүгөлү: туруктуу каржылоо аркылуу дыйкандарды өндүрүштүк-сатык чынжырчаларына интеграциялоо.

2025-жылдын 8-декабрынан 13-декабрына чейин Ветеринардык диагностика жана экспертиза борборунун лабораториясында Кошумча нарк чынжырчаларын агро каржылоо долбоорунун алкагында кезектеги практикалык курс өткөрүлдү

Окутуу лабораториянын аккредитация чөйрөсүн киргизүүгө жана кеңейтүүгө ошондой эле жаныбарлардан алынган азык түлүктөрүндө ветеринардык дары каражаттарынын калдык көлөмдөрүн аныктоо ыкмаларын өздөштүрүүгө багытталды

Көрсөтүлгөн мезгилде негизги көңүл мурда өткөрүлгөн практикалык тренингдердин негизинде валидациялык документацияны даярдоого жана туура тариздөөгө бурулду Бул лабораториялык изилдөөлөрдүн сапатын жогорулатуу жана эл аралык талаптарга шайкеш келүүнү камсыз кылуу үчүн маанилүү этап болуп саналат

 

 

«Бул практикалык курс валидациялык документацияга коюлган талаптарды терең түшүнүүгө жана билимибизди системалаштырууга жардам берди Бул лабораториянын аккредитациясын кеңейтүүгө даярдыгына түздөн түз таасир этет» – деп белгиледи жетектөөчү адис Ибраимакунова Бегимай

Ошондой эле Шамбетова Эльзат инженер физик өз пикирин билдирди – «Курстун жүрүшүндө мурда өткөрүлгөн тренингдерди деталдуу талдап бардык талаптарга ылайык документацияны тариздедик Мындай форматтагы окутуу валидациянын бардык этаптарын практикалык иште колдонууга мүмкүнчүлүк берет»