Бирге өнүгөлү: туруктуу каржылоо аркылуу дыйкандарды өндүрүштүк-сатык чынжырчаларына интеграциялоо.

Бирге өнүгөлү: туруктуу каржылоо аркылуу дыйкандарды өндүрүштүк-сатык чынжырчаларына интеграциялоо.

14-январда Токмок шаарында “Сертификаттоо стандарттары жана схемалары” аталышындагы семинар болуп өттү.

 

“Кыргызстанда кошумча нарк чынжырын агрокаржылоо” долбоорунун алкагында эл аралык стандарттар жана сапат сертификатынын схемалары, ISO 9001, ISO 22000, GLOBAL GAP, Good Aquaculture Practices, EU ORGANIC жана FAIRTRADE тамак-аш коопсуздугу тууралуу семинар өттү.

 

Семинар Кыргызстандын балык өнөр жай ассоциациясынын мүчө-ишканаларынын өкүлдөрүн эл аралык сапат стандарттары жана аларды колдонуунун максатка ылайыктуулугу менен тааныштыруу үчүн өткөрүлдү. Катышуучуларга ишканаларды сертификаттоого көмөктөшүү боюнча долбоордун иш-аракеттери, тандоо критерийлери жана тамак-аш азыктарынын коопсуздугунун сапатын сертификаттоонун стандарттарын жана схемаларын киргизүүнүн алкагында долбоорго техникалык колдоо алуу ыкмалары жөнүндө маалымат берилди.

 

Семинар Токмок шаарында Чүй облусунун алты балык чарбасынын өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөрүлдү. Семинардын программасынын алкагында алынган продукцияны андан ары экспорттоо үчүн балыкты инкубациялоо, өстүрүү жана кайра иштетүү стадияларына эл аралык стандарттарды киргизүү маселелери деталдуу талкууланды.

 

“Бул семинарда биз тамак-аш коопсуздугунун стандарттары жана аларды киргизүүнүн максатка ылайыктуулугу жөнүндө көптөгөн пайдалуу маалыматтарды алдык, ошондой эле ишкананы сертификациялоонун сунушталган мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө көбүрөөк билдик. Мыкты семинар болду, мындан ары алынган маалыматты өз бизнесибизди өнүктүрүүдө колдонууну пландап жатабыз”, – дейт семинардын катышуучусу, “Азия Плюс” компаниясынын өкүлү Калыс Жумабаев.

 

Долбоор тамак-аш азыктарын өндүрүүчүлөр үчүн ишканалардын экспорттук потенциалын жогорулатуу максатында эл аралык стандарттар жана сертификациялоо маселелери боюнча байма-бай семинарларды өткөрүүнү пландаштырууда.

 

Маалымдама: “Кыргызстанда кошумча нарк чынжырын агрокаржылоо” долбоору 2023-жылдын 25-апрелинде өз ишинин баштаган Максаты кошумча нарк чынжырына мүчө болгон фермерлерге жана ишканаларга айыл чарба продукциясын өндүрүүнүн жана кайра иштетүүнүн алдыңкы технологияларын киргизүүгө, ошондой эле продукциянын сапатынын эл аралык стандарттар жана улуттук валютадагы узак мөөнөттүү айыл чарба багытындагы инвестициялык насыяларды алууга көмөк көрсөтүү.

Долбоордун жалпы бюджети 37 млн. еврону түзөт жана Европа биримдиги, Европа инвестициялык банкы жана Германия өнүктүрүү банкы (KfW) тарабынан биргелешип каржыланат.

Долбоор Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү министрлигинин көмөгү жана катышуусу менен Германиялык GOPA AFC компаниясы (CAIConsulting консультациялык компаниясынын консорциумунда) тарабынан ишке ашырылат.