Бирге өнүгөлү: туруктуу каржылоо аркылуу дыйкандарды өндүрүштүк-сатык чынжырчаларына интеграциялоо.

Бирге өнүгөлү: туруктуу каржылоо аркылуу дыйкандарды өндүрүштүк-сатык чынжырчаларына интеграциялоо.

Кыргыз Республикасында лабораториялардын аналитикалык мүмкүнчүлүктөрү жогорулатылды

Кошумча нарк чынжырчаларын агро каржылоо долбоору Кыргыз Республикасындагы лабораториялардын аналитикалык мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу боюнча билим берүү тренингдерин ийгиликтүү аяктады.

2024-жылдын 18-29-ноябрында өткөрүлгөн практикалык тренингдер азык-түлүккө ветеринардык дары-дармектердин калдыктарын, май кислоталарынын транс-изомерлерин жана суудан симазинди аныктоо сыяктуу 6 изилдөө ыкмасын камтыды.

Тренингдердин өткөрүлгөн жери:

  1. Ветеринардык диагностика жана экспертиза борбору (Рыскулов көч., 33)
  2. Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти (Фрунзе көч., 535)

Бардык катышуучуларга активдүү катышуусу жана кызыгуусу үчүн ыраазычылык билдиребиз. Долбоор заманбап азык-түлүк изилдөө ыкмаларын киргизүү жана алардын сапатын жогорулатууга багытталган иш-чараларды улантат.