“Кошумча нарк чынжырын агрокаржылоо”долбоорунун алкагында эл аралык стандарттарды жана сертификациялоо схемаларын киргизүү боюнча жумушчу жолугушуу
11-декабрда, Бишкекте, “Кошумча нарк чынжырын агрокаржылоо” долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин айыл чарба агрокластерлеринин, ишкерлер ассоциацияларынын жана профилдик түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин катышуусунда жумушчу жолугушуу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө азык-түлүк коопсуздугу, продукциянын сапатынын эл аралык стандарттарын жана сертификаттоо схемаларын киргизүү, ошондой эле айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү ишканаларга долбоордун ишмердүүлүгү жана аны техникалык колдоо жөнүндө маалыматтар берилди. Иш-чаранын катышуучулары азык-түлүк коопсуздугу, эл аралык сапат стандарттары жана сертификаттоо схемалары жөнүндө толук маалымат ала алышты.
“Биз үчүн “Кошумча нарк чынжырын агрокаржылоо ” долбоорунун ишмердүүлүгү жөнүндө негизги маалыматты айыл чарба КНЧ катышуучуларына жеткирүү менен долбоордун аткарылышы жана кайтарым байланыштын бекемдиги маанилүү. Жумушчу жолугушуу жандуу жана катышуучулардын активдүү катышуусу менен өттү, бул Кыргыз Республикасынын аймагында долбоорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүн билдирет”, – деп белгилейт долбоордун жетекчиси Виктор Кирияк.
Долбоор айыл чарба өндүрүшүнүн алдыңкы технологияларын, анын ичинде жашыл, ресурстарды үнөмдөөчү жана климаттын өзгөрүшүнө туруктуулук, агроазык-түлүк секторунда кайра иштетүүчү жана бөлүштүрүүчү технологиялар, ошондой эле сертификаттоонун жана фермерлерди кошумча нарк чынжырчасына интеграциялоонун эл аралык системаларын киргизүүгө багытталган.
Европа биримдиги, Европа инвестициялык банкы жана Германия өнүктүрүү банкы (KfW) биргелешип каржылаган “Кошумча нарк чынжырын агрокаржылоо” долбоорунун жалпы бюджети 37 млн еврону түзөт.
“Кошумча нарктын чынжырын агрокаржылоо” долбоору 2023-жылдын 25-апрелинде өз ишин баштаган жана AFC (Agriculture and Finance Consultants) германиялык компаниясы тарабынан КРдин Финансы министрлигинин жана КРдин Айыл чарба министрлигинин көмөгү жана катышуусу менен CAIConsulting консультациялык компаниясы менен консорциумда ишке ашырылууда. Долбоор максаттуу техникалык көмөк көрсөтүү аркылуу өнөктөш финансылык институттар, айыл чарба микро, чакан жана орто ишканалар, кайра иштетүүчү ишканалар жана кошумча нарк чынжырынын катышуучулары менен тыгыз өз ара аракеттенет.
Долбоор Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германиянын экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү федералдык министрлигинин ортосундагы 2015-2016-жылдарга финансы-техникалык кызматташтык жөнүндө макулдашуунун алкагында ишке ашырылууда (КРдин Мыйзамы менен ратификацияланган, 2016-жы 20-май № 66).