«Кошумча нарк чынжырчаларын агро каржылоо» долбоорунун командасы «АгроТехЭкспо-2024» жана «Алтын Күз» азык-түлүк жарманкесинде
2024-жылдын 18-20-октябрь күндөрү «Кошумча нарк чынжырчаларын агро каржылоо» долбоору Кыргызстандын агроөндүрүш тармагындагы акыркы жетишкендиктерди чагылдырган “АгроТехЭкспо-2024” көргөзмөсүнө жана “Алтын Күз” азык-түлүк ярмаркасына катышты. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан Бишкек шаарындагы Т. Усубалиев аянтында өткөрүлдү.
Көргөзмөнүн негизги максаты – Кыргызстандын айыл чарба потенциалын инвесторлорго көрсөтүү, айыл чарба техникасынын атаандаштык рыногун түзүү жана фермерлердин агроөндүрүш технологиялары тууралуу маалымдуулугун жогорулатуу.
Көргөзмө 20,000 квадрат метрден ашык аянтты камтыган жана эң жаңы дүйнөлүк айыл чарба техникасынын үлгөлөрүн, кайра иштетүү өнөр жайына арналган жабдууларды, инновациялык технологияларды, урук сортторун, ууланбаган химикаттарды, ветеринардык дары-дармектерди, өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарын, агрохимияларды, энергетикалык чечимдерди, тукумдук жандыктарды жана башка айыл чарба товарларын сунуштады.
Биздин команда фермерлерге долбоордун багыттары тууралуу маалымат берип, кредит берүүгө жана фермерлер үчүн жеңилдиктер тууралуу суроолорго жооп берди, ошондой эле Биринчи мамлекеттик телеканалында интервью берди.
Мындан тышкары, көргөзмөнүн алкагында “Алтын Күз” ярмаркасы уюштурулуп, шаардыктар жана баш калаага келген коноктор арзан баада эт, бал, жашылча-жемиш сатып алууга мүмкүнчүлүк алышты.