Бирге өнүгөлү: туруктуу каржылоо аркылуу дыйкандарды өндүрүштүк-сатык чынжырчаларына интеграциялоо.

Бирге өнүгөлү: туруктуу каржылоо аркылуу дыйкандарды өндүрүштүк-сатык чынжырчаларына интеграциялоо.

2025-жылдын 10-сентябрында TES-борбору, KWS компаниясы жана кайра иштетүүчү завод «Кошой» менен биргеликте Сокулук районунун Улуттук айылында талаа күнүн өткөрдү. Иш-чара  Кант кызылчасы боюнча “Кошумча нарк чынжырчаларын агро каржылоо” долбоорунун алкагында уюштурулуп, Жайыл, Москва жана Сокулук райондорунан бенефициар-дыйкандар, ошондой эле Чүй облусунун башка аймактарынан кызыккан аграрлар катышты.

Иш-чаранын негизги максаты – КОНВИЗО СМАРТ инновациялык технологиясын киргизүүнүн натыйжалары менен тааныштыруу болду. Модераторлук кылган долбоордун башкы агроному Аллахверанов Миргасым.

 

 

Талаа күнүнүн негизги бөлүктөрү

  • KWS гибриддери боюнча презентация. KWS компаниясынын эксперти Мирлан Акматов демонстрациялык аянтта өстүрүлгөн перспективдүү SMART-гибриддерди көрсөтүп, алардын өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берди.
  • Өстүрүүнүн агротехнологиясы. Башкы агроном Аллахверанов М. «КОНВИЗО СМАРТ» системасынын артыкчылыктарын түшүндүрүп, топуракты туура иштетүү, өз убагында себүү жана зыянкечтерге каршы коргоо боюнча практикалык кеңештерди бөлүштү.
  • Отоо чөптөрдөн коргоо. Россиядан чакырылган KWS эксперти Сергей Иосифов КОНВИЗО гербицидин колдонуу схемасы жана нормалары боюнча кеңири маалымат берип, айрыкча ак марь жана повилика сыяктуу татаал отоо чөптөрдү көзөмөлдөөдө бул технологиянын артыкчылыктарын белгиледи.
  • Практикалык кеңештер. TES-борборунун адистери кызылчанын себилген жерлеринде топурак катмарын алдын алуу жана жоюу боюнча сунуштарды беришти.
  • Завод менен диалог. «Кошой» ААКтын башкы директору Александр Барбалат заводдун пландары, кызылчанын канттуулугу жана түшүмдү кабыл алуу шарттары тууралуу айтып берди.

Жыйынтыкта катышкан дыйкандар КОНВИЗО СМАРТ технологиясынын натыйжалуулугун жана келечектеги пайдасын белгилешти. Айрыкча демонстрациялык аянтта адатта кеңири тараган повиликанын жоктугу чоң кызыгууну жаратты.

Жайыл районунун дыйкандары 2026-жылы ушул технология менен демонстрациялык талаа уюштуруу демилгесин көтөрүшүп, TES-борбору бул сунушту колдоп, биргеликте иштөөгө даяр экенин билдирди.

Иш-чаранын соңунда катышуучуларга топурак кабыгына каршы сунуштар жана KWS компаниясынын маалыматтык китепчелери таратылды.