Кербенде нөлдүк иштетүү технологиясы боюнча тренинг өттү
20-февралда Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кербен шаарында нөлдүк иштетүү технологиясы боюнча тренинг өткөрүлдү. Иш-чарага айыл чарбасында инновациялык ыкмаларды колдонууга кызыккан 12 дыйкан катышты.
Тренингде нөлдүк иштетүүнүн негизги принциптери жана анын топурактын түшүмдүүлүгүн жакшыртуудагы, эрозияны алдын алуудагы жана өндүрүш чыгымдарын кыскартуудагы мааниси түшүндүрүлдү. Катышуучулар бул ыкманы өз чарбачылыгында колдонуу боюнча теориялык жана практикалык билим алышты.
Дыйкандар темага чоң кызыгуу көрсөтүп, активдүү талкууларга катышып, маанилүү суроолорду берип, жеке тажрыйбалары менен бөлүшүштү. Бул тренинг аларга нөлдүк иштетүү технологиясын ийгиликтүү колдонууга жардам берип, айыл чарбасын натыйжалуураак жана туруктуу кылууга өбөлгө түздү.