Караол айылынын фермерлери нөлдүк иштетүү технологиясын үйрөнүшүүдө
Ош облусунун Өзгөн районундагы Караол айыл округунда фермерлер үчүн органикалык айыл чарба боюнча тренинг уюштурулду. 18 фермердин катышуусунда өткөн тренингде органикалык айдоо ыкмалары, жердин сапатын сактоо жана продукциянын сапатын жогорулатуу боюнча ар кандай сунуштар берилди.
Тренингдин жүрүшүндө эксперттер органикалык айдоо процессинин негизги этаптарын, химикаттарды колдонбостон жерди иштетүү ыкмаларын жана экологиялык таза продукцияны өндүрүүнүн артыкчылыктарын түшүндүрүштү. Өткөн иш-чара фермерлердин органикалык айыл чарбага болгон кызыгуусун арттырып, алардын ишмердүүлүгүн өркүндөтүүгө өбөлгө түздү.
Фермерлер тренингге активдүү катышып, суроолорду берип, жеке тажрыйбаларын бөлүшүштү. Алар органикалык айыл чарба технологияларын өздөрүнүн ишинде колдонуу аркылуу аймакта туруктуу жана экологиялык таза айыл чарба өндүрүшүн орнотууга умтулушууда.