Голландиянын түшүмдүү картошкаларын Чоң-Алайда өндүрүп жаткан Камалов Төрөкул: “Өлкөбүздүн дыйканчылыгын илгерилетүү – башкы максатыбыз!”
Чоң-Алай районунун Жар-Башы айылында дыйканчылык менен алектенген Төрөкул Камалов жергиликтүү дыйкандар менен биргеликте Голландиядан келген жаңы сорттогу үрөндүк картошкаларды өстүрүүгө киришкен. Алар буга чейин «Пикассо» сортундагы үрөндүк картошкаларды өндүрүп, Араван жана Кара-Суу райондорундагы кооперативдер менен кызматташып келишкен.
Акыркы эки жылдан бери Жар-Башы айыл чарба кооперативи менен иштешип, Голландиянын “Супер элита” сыяктуу сапаттуу картошка сортторун жергиликтүү шартка ылайык өстүрүүдө.
Төрөкулдун айтымында, Чоң-Алайдын климаты үрөндүк картошка өстүрүүгө ылайыктуу. Ошондой эле эгер бул иш ийгиликтүү уланса, келечекте Голландия картошкаларынын бир филиалы Чоң-Алайда ачылышы мүмкүн.
-Саламатсызбы! Окурмандарыбызга өзүңүздү тааныштырсаңыз?
Саламатсыздарбы! Аты-жөнүм Төрөкул Камалов, Ош облусуна караштуу Чоң-Алай районунун Жар-Башы айылында 1997-жылы төрөлгөм. Бул жактагы орто мектепти бүтүрүп, жогорку окууну геодезия багытында Ош мамлекеттик университетинен окуп, бирок кесибим менен иштей албадым. (Геодезия – бул Жердин формасын, өлчөмүн, рельефин жана объекттердин так жайгашкан ордун изилдеген илимий жана инженердик тармак). Бала кезден дыйканчылык менен мал чарбачылыгына аралашып, өстүм. Учурда да ушул жаатта айылымда эмгектенип келе жатам.
Көп жылдан бери “Жар-Башы” айыл-чарба кооперативи менен иштешип, үрөндүк картошкаларды өндүрөбүз. Андагы кооперативдин мүчөлөрүнөн биз тандалынып алынып, 2 жылдан бери Голландиядан келген жаңы сорттогу картошкаларды эгип келе жатабыз.
-Бул жаңы сорттогу картошкаларды кайдан аласыздар?
Голландиядан картошка алып келип иштешкен компаниялар бар. Биз алардан жаңы сорттогу үрөндүк картошкаларды килограммын 165 сомдон өзүбүз сатып алабыз. Ал эми быйылкы жылкы картошкалар килограммы 200 сомдон келет деп жатышат.
Аларды өстүрүү иштерине “Кошумча нарк чынжырчаларын агрокаржылоо” уюму колдоо кылышып, чет өлкөдөн эксперттерди алып келишип, бул жаңы сортторду биздин шартка ылайык өстүрүү боюнча практикалык сабактарды да өткөрүштү.
Ошондой эле эгер бул картошканы жакшы өстүрүп, өркүндөтүп кете турган болсок, алдыда Голландия картошкаларынын бир филиалы Чоң-Алайга ачылышы мүмкүн болгон долбоордун максаты бар. Мындан тышкары биз өндүргөндөн кийин сатуу иштерине да көмөк көрсөтүшкөнү турушат.
-Буга чейин картошкаларды кайсы жактарга сатчу элеңиздер?
Айтып өткөндөй, мен бул багытта иштеп келгениме көп жыл болуп калды. Биз үрөндүк картошкаларды эгип, сатуу менен алектенебиз. Буга чейин жөнөкөй “Пикассо” сортундагы картошкаларды өстүрүп, Араван, Кара-Суу райондорундагы кооперативдерге сатып, алар менен иштешип келгенбиз. Биз эрте чыкчу үрөндүк картошкаларды өндүрүп берип, алар аны өстүрүп сатышчу.
Ал эми жаңы сорттогу картошкаларды эгип алектенгенибизге 2 жылдай болуп калды. Буюрса, алардын пайдаларын эми көрүп баштайбыз деген ойдобуз.
-Командаңызда канча киши иштейсиздер?
Негизи кооперативде жалпы кырктай адам эмгектенет. Алар учурда эрте бышкан картошкаларды өндүрүп, коңшу райондорго жөнөтүп жатышат. Ал эми жаңы келген сорттор менен Чоң-Алай району боюнча 4 адам алектенебиз. Биз Голландиянын бул “Супер элита” түрүндөгү картошкаларын өндүрүп, мүчөлөргө берсек, алар “Элита” кылып башка жактарга жөнөтүп, бул сортту жайылтып кетүүлөрү керек.
Мындан тышкары азыктык картошкаларды да өндүрөбүз. Бирок, көбүнчө, ушул үрөндүк картошкага басым жасап келатабыз. Жалпы 5 гектардай жердин жарымына үрөндүк картошка эгебиз.
-Бул жаңы үрөндүктөр Чоң-Алай жергесинде кандай өсүүдө?
Чоң-Алайдагы биз жашап жаткан Жар-Башы айылы картошка өстүрүүгө абдан ылайыктуу жер. Бизге Голландия картошкаларынан “Сильвано”, “Камелия”, “Коломбо”, “Пердис” деген 4 сорту келген. Алардын ичинен бирөөсү жакшы өспөгөндүктөн, кайра артка кетирдик. Калган 3 сорту эккенибизден баштап жакшы чыгып, жакшы жыйынтыгын берди. Учурда ушул 3 сортту кармап, сапаттуу өстүрүү үчүн аракеттерибизди көрүп жатабыз.
-Картошка өстүрүүдөн бир жылда канча түшүм аласыздар?
Картошкадан жакшы өстү дегенде бир жылда 45 тоннадай, орточо болгондо 25-30 тоннадай түшүм алабыз.
Күздүн күнү жыйнап келген жөнөкөй картошкаларды калибрлөөчү кампадан өткөзүп, андан кийин башка райондорго сатууга чыгарчубуз. Ал эми жаңы сортторубузду мурунку жылы кампалардан өткөрдүк, эми быйыл буюрса сатууга чыгарабыз. Анткени мурункуларын үрөндүк катары сактап койгон болчубуз.
Дыйканчылык жаатында алектенүү менен эл катары жакшы эле жетишкендиктерге жетишип келе жатабыз. Ошондой эле, быйыл “Супердин супер элита” деген дагы башкачараак түрүн алууга буюртма бердик.
-Бул иштериңиздер боюнча алдыда дагы кандай пландарыңыздар бар?
Чоң-Алай бийик тоолуу жер болуп, бул жакта жер- жемиш бышпайт. Күн жылыганда чөп айдап, картошка эгип, арпа, буудай өстүрсөк, кышкысын мал чарбачылыгы менен алектенебиз.
Алдыда Голландия картошкаларынын дагы башка сортторун өстүрөлү деп жатабыз. Аларды жакшы өстүрүп, өздөштүрүп кетсек, буюрса бул иш Кыргызстандын дыйканчылыгынын атын чыгарган мыкты иш болгону турат. Өлкөбүздүн үрөндүк картошкаларын өнүктүрүүгө салым кошулмак. Ошого бүгүнкү күндө жигердүү аракеттерди көрүп жаткан чагыбыз.
Маегиңизге рахмат, ишиңизде ийгиликтер боло берсин!