Бирге өнүгөлү: туруктуу каржылоо аркылуу дыйкандарды өндүрүштүк-сатык чынжырчаларына интеграциялоо.

Бирге өнүгөлү: туруктуу каржылоо аркылуу дыйкандарды өндүрүштүк-сатык чынжырчаларына интеграциялоо.

Айбашов Алтынбек Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылында дыйканчылык менен алектенип жаткан жаш ишкер. Ал бир канча жылдан бери картошка өстүрүп, үрөнүн сатып келет. Бүгүнкү күндө Голландиядан жаңы сорттогу түшүмдүү картошкаларды айдап, аларды тамчылатып сугаруу жолу менен өстүрүүнү өздөштүргөн. Каарманыбыз дайканчылыктагы ишкерлиги тууралуу биз менен маек курду.

 

 

Алтынбек мырза, саламатсызбы! Окурмандарыбызга өзүңүздү жана ишкерлигиңизди тааныштырсаңыз?

 

Саламатсыздарбы! Мен 1982-жылы Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ача-Кайыңды айылында төрөлгөнмүн. Айылымдагы мектепти аяктап, дыйкан чарбасынын мүчөсү болдум. Аралыктан Нарын Мамлекеттик университетинен “Жол кыймылынын уюштуруу жана коопсуздугу” адистигин окуганым, бирок ал кесибимде иштебедим. Талаачылыкта көп иштеп жүрүп, ошону менен эле дыйканчылыкка кызыгып калдым. Үч жолу айылдык кеңештин депутаты болдум.

 

Айылда дан эгиндерин жана картошка өстүрүү менен алектенип келгенибизге 20 жылдай болуп калды. 2023-жылы «Курманбек Ата» айыл-чарба кооперативин түздүк. Жамаатыбызда 8 адам эмгектенебиз, анын жетекчиси – өзүммүн.

 

Мамлекеттик каттоодон кооператив болуп өттүк. Учурда мамлекетибиз тарабынан кооперативдерге жана дыйкан-чарбаларына жакшы көңүл бурулуп, колдоо көрсөтүп жатышат. Бизде картошканы айдоого кенен жерибиз жок, үлүштүк гана жерибиз эле бар эле. Былтыр Ат-Башы өнүктүрүү фондунун департаментинен 25 г. жер алдык. Мунун негизинде ишкерлигибизди жүргүзүп келүүдөбүз.

 

 

Буга чейин “пикассо” сортундагы картошканы гана өстүрүп келгенбиз, бирок жаңы сортторду айдап, өстүрсөк деген ойлорубуз бар болчу. Ошол максатыбыз былтыр ишке ашты. Кыргызстанда дыйканчылык жаатындагы “АгроЛид” деген чоң уюм бар. Алар үрөндөрдү сатуу жаатында көп компаниялар менен иштешип келишет.

 

Ушул компания Голландияга барып, ал жактагы дыйкандар менен келишим түзүп, биз да Кыргызстанга картошканын жаңы сортторун өндүрүп көрөлү, жакшы өсүп калса иштешели дешкен экен. Ал эми каржылык жагын “Кошумча нарк чынжырчаларын агро каржылоо” долбоору көтөрдү.

 

Голландияда картошка 80 сом болсо, бул жакка келиши менен 160 сомго чыгат эле. Ошондуктан эксперименталдык кылып Кыргызстандан 2 район – Ат-Башы жана Чоң-Алай райондору тандалыптыр.

 

 

Чоң-Алай району дагы биздин Ат-Башыдай суук, тоолуу район келет эмеспи. Ал эми биз жакта Чүйдүкүндөй оорулар, зыянкеч курттар жок. Өстүрүүдө жер семирткичтерди да көп колдонбойбуз. Ошондуктан биздин аймактагы картошкалар экологиялык жактан таза келишет.

 

Жаңы сорттогу картошкалар 25 кг.дык мүшөктө бардык сертификаттары, этикеттери жана картошканын аталыштары менен жазылып келди. Биздин шартка Голландия картошкаларынын өсүүсүн байкап көрүү үчүн “Супер элита” классындагы картошка эккенбиз. Былтыр жыйынтыгы жакшы болду. 20 сотых жерибиздин ар бир гектарынан 40 тоннадан картошка ала алдык.

 

Биздин башкы максат – сандан сапатка өтүү. Ушул кезге чейин “пикассо” үрөнүн гана колдонуп келсек, эми Голландиядан картошкалардын “сильвано”, “камелия”, “коломбо”, “пердис” деген 4 сорту дагы келди.

 

 

-Мындай жаңы сорттогу картошкаларды өстүрүүнү кантип өздөштүрдүңүздөр?

 

Голландиялык адистер келишип 5 жолу сабак өтүп кетишти. “Кошумча нарк чынжырчаларын агро каржылоо” долбоору алардын жол каражаттардын төлөп беришти. Бизге дыйканчылык жаатында өзүбүздүн адистер, эл аралык адистер да келип жатышты. Анткени “Супер элита” сортун өстүрүү бир топ кыйын экен.

 

Голландияда картошканын бир сортун өстүрүү үчүн 10 жылдык убакыт кетирип, бир сорт чыгаруу үчүн 3 млн. евро сарпташат экен. Бул оңой нерсе эмес. Ошондуктан атайын адистер келип окутуп, гүлдөп жаткан кезде, сугарууда кандай эрежелерди сактообуз керектигин- баарын көрсөтүп, үйрөтүп жатышты.

 

 

Бизге бул сабактар жакшы стимул болду. Картошканы өстүрүүгө болгон кызыгуубуз мурдагыдан да артты. Азыр элдер дагы бул сортторду айдоого кызыгып жатышат.

 

Негизи мурда картошканы айдап коюп эле, сугарып, түптөп, түшүмүн алабыз деп, ойлочубуз да. Көрсө оорулары, ар кандай жагдайлары болот тура. Ошондуктан, аларды да убагында жаш баладай кароо зарыл экен.

 

 

Ат-Башыда тамчылатып сугаруу деген түшүнүк жок болчу. Мындай жаңы сорттогу картошкаларды өстүрүү үчүн тамчылатып сугаруу жолун да өздөштүрдүк.

 

Бул тамчылатып сугаруу ыкмасы – дыйканчылык үчүн жакшы нерсе экен. Аны менен жаңы эккен картошкаларыбыз жакшы жыйынтык берди. “Супер Элита” сорту элиталыгын көрсөтүп жатат. Жаңы өрөөндө эгилген жаңы сорт болсо да, түшүмдүүлүгү жакшы болду. Картошканын өзү да сулуу чыгат экен.

 

 

-Тамчылатып сугарууну кантип өздөштүрдүңүздөр жана анын пайдалуулугу кандай экен?

 

Голландияда картошкалар ушул ыкма менен сугарылат экен. Биз дагы голландиялыктардын талаптарына жооп берели деп, жана ошондой эле “АгроЛид” уюмунун сунушу менен тамчылатып сугаруу методун өздөштүрдүк.

 

Дыйканчылыкта суу тартыштык маселеси бар, аны үнөмдөөдө да ушул ыкманын пайдасы бар экен. Мында солдун өзү, картошканын тамыры эле суу ичип, башка отоо чөптөр суу ичпейт. Ошондой эле нымдуулукту жакшы кармайт, сугарганга да жеңил болот экен.

 

Айдоо жерлерин сугарууда бизде жерлерибиз Чүйдүкүндөй түз эмес, бир жагы өйдө, бир жери ылдый. Тамчылатып сугарууда жердин өйдө-ылдый болгонуна карабай тегиз сугарылат.

 

 

Экинчи жагынан суу бассейинде топтолуп, жылуу болуп турат. Арыктан суу тартып келгенде картошкаларга муздак суу кирип, алар чыйрыгып, стресске кабылышат, ал эми жылуу суу барганда аларга жагымдуу болот экен.

 

Көпчүлүк дыйкандар жер семирткичтерди берүүдө өсүмдүктүн сыртына эле чачып коюшат. Бул нерсенин пайдасы жок болуп, отоо баса берет эле. Эгер зыянкеч курттарга каршы же органикалык гумус өңдүү жер семирткичтерди бере турган болсок, тамчылатып сугаруу ыкмасы менен сууга кошуп кое турган болсок, ал тамырдын өзүнө түз кетип, пайдасын берет.

 

Жөнөкөй айдоо менен 20 тонна түшүм ала турган болсок, тамчылатып сугаруу жолу менен 40 тонна түшүм алса болот экен. Ушундайча айырмасы аябай эле билинүүдө.

 

Учурда бул системага көпчүлүк эл кызыгып жатат. Бара-бара баардык дыйкандар ушул системага өтүшөт окшойт. Азыркы кезде Чүй жана Көл тарапта көпчүлүк дыйкандар ушул системага өтүшкөн экен. Буюрса, быйыл дагы 6-7 г. жерди тамчылатып сугаруу менен айдаганы турабыз.

 

 

-Сатууну кайсы жактарга жүргүзүп келесиздер?

 

Жогоруда айтып өткөндөй, мурда “пикассо” сортундагы картошканын үрөнүн жалпысынан Кыргызстандын ичинде сатып келгенбиз. Бизден үрөндүк картошкаларды дунгандар алып кетип турушчу.

 

Негизи Ат-Башы өрөөнү картошка өстүрүп дыйканчылык кылууга жана мал чарбачылыгы менен алектенүүгө ыңгайлуу жер. Ал эми алма, өрүк дегендер бышпайт. Ошондуктан картошка бизде көп айдалчу. Бирок акыркы жылдары картошканын баасынын төмөн болгонуна байланыштуу, мурда 100 пайыз айдап келген элдин 50 пайызы айдабай калышты. Эмнеге дегенде картошкага суроо-талап аз, баасы арзан болуп, чыгымга учурагандар болду.

 

 

 Бул себептерден улам, биз элди кызыктырыш үчүн жаңы сортторду алдырып келип, айдап, үрөндөрдү жаңылап жатабыз. Башкысы голландиялыктардын талабын аткарсак, биздин картошкаларды кайра өздөрү жакшы баада сатып алып кетишкени, бизден алып, Орто Азияга жана Европага сатышканы турушат. Ал эми бул мүмкүнчүлүктү пайдаланып калуу үчүн азыркы учурда бизге логистикалык борбор, картошканы сактай турган жер керек болуп жатат. Мындай сактоочу жайды салуу үчүн эң аз дегенде 50 млн. сом каражат кетет экен.

 

Учурда өзүбүздө 150 тонналык сактоочу кампабыз бар. Бирок бул жетишсиз болуп, чоң сактоочу жайды курдурууга муктаж болуп турабыз. Былтыр 1 г. жерден 45 тонна алсак, эми быйыл, буюрса, 1000 тонналап түшүм алып баштайт элек. Ошондуктан сактоочу жай салууга жеңилдетилген насыя же гранттарды алууга аракет кылып жаткан чагыбыз. Бизге логистикабыз болбосо, алдыга жылуу кыйын болуп, өндүрүп – өстүргөн картошкаларыбызды сактай албай калуу коркунучубуз болуп жатат. Жеке ишкерлерди гранттык колдоолор болсо жакшы болмок. Ал эми картошка боюнча керектүү техникалардын баары бизде бар.

 

 

-Өзүңүздөр экспорттоону да ойлонуп көрдүңүздөр беле?

 

Мындан бир канча жыл мурда Кыргызстандан Өзбекстанга 2 000 тонналык үрөн экспорттолууга суроо-талап түшүп, ага ортомчулар чирик-пирик жарабай калган картошканын баарын салып кетиришкен экен. Жаздын күнү өзбектер айдайын дегенде начар чыгып, Кыргызстандын картошкасы үрөнгө жарабайт деп кара тизмеге түшүп калыптыр. Ошону менен биздин картошкалар канча жыл эч жакка чыга албай калды.

 

Былтыр дүйнө жүзү боюнча кургакчылык болуп, картошка аз болгону үчүн Өзбекстанга экспорттоого жол ачылып, ошондо гана картошка баа болду. Болбосо буга чейин 5-10 сом болуп, баа деле болгон эмес.

 

 

-Учурда сиздер өндүрүп жаткан жаңы сорттогу үрөндүк картошкалардын баасы канча болот?

 

Азыркы кезде 160 сомдон алып-сатарлар элдерге алып келип жатышыптыр, биз болсо үрөн- чарба болгонубуз үчүн быйыл картошканы элге жеңилдик болсун деген максатта 100 сомдон сатыкка чыгаралы деп жатабыз. Буюрса, апрелдин баштарында сатууга чыгарабыз.

 

 

-Бул багытта ишкерлик кылууну каалаган окурмандарыбызга кандай кеңештерди айта аласыз?

 

Азыр картошкага суроо-талап көп болуп жатат. Жаңы сорт кандай экен, кандай өсүп чыкты, бизге кайсынысы туура келет экен деп сурап, кызыккандар көп болууда.

 

Башында айтып өткөндөй 4 жаңы сорт алдырып келип айдаганбыз. Бул 4 сорт тең жакшы жыйынтык берди, төртөөнү тең биздин шартта айдай берсек, болот экен.

 

Дыйкандар айдоодо жерди туура тандашы керек. Жакшы жерге айдоо жана үрөнгө басым жасоо- маанилүү. Картошканы айдаарда жерди убагында дарылоо керек. Негизи көптөр картошка баа болуп калса, кымбат болуп жатыптыр деп, өз алдыларынча айдай беришет. Бирок ал жагына карабай, сапатка маани берип, дыйкандардан же агроном адистерден кеңеш алып айдашса, түшүмдүүлүгү жакшы болот.

 

 

-Алдыда дагы кандай пландарыңыз бар?

 

Бизге “супер элита” сорту келген болсо, эми буюрса “супер супер” сорттору келгени турат. Аны алууга табыштамабызды жөнөткөнбүз. Биздин максат –“элита” чыгарып, сапаттуу, арзан баада кылып, дыйкандарга өткөзүп, картошкабызды көбөйтүү.

 

Алтынбек мырза, маегиңизге рахмат, ишкерлигиңизде ийгиликтер болсун!