Бирге өнүгөлү: туруктуу каржылоо аркылуу дыйкандарды өндүрүштүк-сатык чынжырчаларына интеграциялоо.

Бирге өнүгөлү: туруктуу каржылоо аркылуу дыйкандарды өндүрүштүк-сатык чынжырчаларына интеграциялоо.

Европа Биримдиги, Европа Инвестициялык Банкы жана Германиянын өнүктүрүү Банкы (KfW) биргелешип каржылаган “Кошумча нарк чынжырын агрокаржылоо” долбоору айыл чарба тамак-аш продукциясын өндүрүүчүлөргө жана кайра иштетүүчүлөргө техникалык көмөк көрсөтүү менен катар тамак-аш азыктарынын көрсөткүчтөрү боюнча аккредитациялоо тармагын кеңейтүүдө мамлекеттик лабораторияларга көмөк көрсөтөт.

 

Долбоор лабораторияларга көмөктөшүү үчүн персоналдарды окутуу жана квалификациясын жогорулатуу, аккредитациялоо жаатын кеңейтүүнү камсыз кылуучу зарыл жабдууларды жана реабилитациялык иштери аркылуу “know how” өткөрүп берүүнү камтыйт. Жабдууларды, реабилитациялык иштерди каржылоо булактары жана “know how” берүүлөрү Кыргызстан үчүн Европа Союзунун грантынын каражаттарынан жүзөгө ашырылат. Долбоорду ишке киргизүү боюнча ыйгарым укуктуу министрлик болуп Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги саналат.

 

2024-жылдын 13-февралында, долбоордун лаборатория менен натыйжалуу кызматташуусунун жолдорун жана көмөк көрсөтүүнүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоо максатында оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин лабораториялык сыноолор борборунун жетекчилиги жана адистери менен долбоордун эксперттеринин жумушчу жолугушуусу болуп өттү.

 

Иш-чарага Финансы министринин орун басары Руслан Татиков катышты. Жолугушуунун жүрүшүндө Руслан Татиков Департаменттин лабораториясынын ишмердүүлүгү менен таанышып, лабораторияга көмөк көрсөтүүнүн приоритеттери, анын ичинде лабораториянын имараттарын реабилитациялоо (оңдоо) иштерин жүргүзүү, жабдуулар менен “know how” берүүлөрүн берүү жана колдоо боюнча маселелерди талкуулоого катышты. Ошондой эле тамак-аш азыктарынын сапатынын жана коопсуздугунун көрсөткүчтөрү боюнча аккредитациялоо тармагын кеңейтүүдө коюлган максаттарга өз убагында жетишүү үчүн лабораториялык сыноолор борборунун жетекчилиги жана КРдин Финансы министрлиги менен натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыздоо маселелери көтөрүлдү.

 

 

Маалымдама:

Кыргызстанда “Кошумча нарк чынжырын агрокаржылоо” долбоору 2023-жылдын 25-апрелинде башталган.

Долбоор фермерлерге жана кошумча нарк чынжырынын катышуучуларына, кайра иштетүүчү ишканаларга айыл чарба продукциясын өндүрүүнүн жана кайра иштетүүнүн алдыңкы жаңы технологияларын киргизүү менен продукциянын сапатынын эл аралык стандарттарына чыгууга, ошондой эле узак мөөнөттүү айыл чарба инвестициялык насыяларын улуттук валютада алууга көмөк көрсөтөт.

Долбоордун жалпы бюджети 37 млн.еврону түзөт жана Европа биримдиги, Европа инвестициялык банкы жана Германия өнүктүрүү банкы (KfW) тарабынан каржыланат.