Бирге өнүгөлү: туруктуу каржылоо аркылуу дыйкандарды өндүрүштүк-сатык чынжырчаларына интеграциялоо.

Бирге өнүгөлү: туруктуу каржылоо аркылуу дыйкандарды өндүрүштүк-сатык чынжырчаларына интеграциялоо.

5-июнда Көк-Жар жана Ала-Тоо айылдарына долбоордун эксперттеринин жана Европа Биримдигинин өкүлдөрүнүн талаа сапары болуп өттү. Сапардын максаты — Жагоды өндүрүүчүлөрдүн ассоциациясынын ишмердүүлүгү менен таанышуу, фермердик чарбаларды кыдыруу жана дыйкандардан пикир алуу болду.

Иш сапарга долбоордун эксперттери Шерзод Абдурахманов жана Хартвиг Унгетхайм, Ассоциациянын координатору Айжан,  башкы агроном Эрнис жана Европа Биримдигинин өкүлдөрү катышты.

Сапардын алкагында делегация алгач фермер Ырысбайдын чарбасына барып, талаа шартында жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышып, дыйкандар менен маектешишти. Андан соң алар Ала-Тоо айылындагы Зухра Исмаилованын “Ысмайыл” чарбасына барышты. Бул ишкана мөмө-жемиштерди сактоо, тоңдуруу жана экспортко даярдоо менен алектенет.

Ошондой эле делегация мөмөлөрдү кабыл алуу, сорттоо жана таңгактоо жүргүзүлгөн кабыл алуу пунктуна да барып көрүштү.

Бул сапар аркылуу катышуучулар ягодалар тармагындагы учурдагы абал менен таанышып, көйгөйлөрдү жана келечектеги кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.