Эрте бышкан калемпирдин көчөттөрүн отургузуу процессин көзөмөлдөө
Европа Биримдиги, Европа инвестициялык банкы жана Германия өнүктүрүү банкы (KfW) биргелешип каржылап жаткан “Кошумча нарк чынжырын Аарокаржылоо” долбоорунун ишмердүүлүгүнүн алкагында 2024-жылдын 25-27-майында талаага көчөттөрдү отургузуу процесстерине мониторинг жүргүзүү боюнча иш-чаралардын сериясы болуп өттү. Мониторинг Сокулук районунун Төмөнкү-Чүй айылындагы күнөсканаларда калемпирдин эрте бышкан сортторун өстүргөн фермерлердин талааларында, ошондой эле Жайыл районунун Ак-Башат айылында долбоордун өнөктөшү “TES-центр” айыл чарба консультациялык компаниясы менен биргеликте уюштурулган.
Мониторингдин максаты фермерлерге агротехниканы жакшыртуу боюнча практикалык консультацияларды берүү, ошондой эле топуракты фосфордук жер семирткичтерди чачууга даярдоо боюнча сунушталган агротехникалык методдордун жана отургузуунун схемасынын сакталышын контролдоону камсыз кылуу болуп саналат. Мониторингдин алкагында күнөсканалардагы көчөттөрдүн абалын алдын ала кароо менен калемпирдин жалпы абалына илдеттердин жана зыянкечтердин белгилеринин болбошуна көзөмөл жүргүзүлгөн.
Иш-чаранын жүрүшүндө фермерлерге калемпир өстүрүүдө сууда ээрүүчү жер семирткичтерди колдонуу боюнча өсүмдүктөрдү алдын алуу ыкмалары жана учурдагы айыл чарба технологиялары боюнча практикалык сунуштар берилди.