Бирге өнүгөлү: туруктуу каржылоо аркылуу дыйкандарды өндүрүштүк-сатык чынжырчаларына интеграциялоо.

Бирге өнүгөлү: туруктуу каржылоо аркылуу дыйкандарды өндүрүштүк-сатык чынжырчаларына интеграциялоо.

Кыргыз Республикасынын Жашылча-жемиш ассоциациясы  менен биргеликте «Жемиш өстүрүү боюнча агрономдор мектеби» программасынын биринчи этабынын ийгиликтүү аяктаганын кубануу менен жарыялайбыз. Бул долбоор жергиликтүү фермерлердин жана адистердин деңгээлин жогорулатууга багытталган.

Программанын биринчи этабында өлкө боюнча 500дөн ашык арыз тапшырылган, алардын ичинен эң мыкты 50 агроном, фермер жана жаш адистер тандалып алынды. Тандоодо катышуучулардын айыл чарба тармагындагы тажрыйбасы, кесиптик деңгээли жана алынган билимдерди райондорунда жайылтууга болгон даярдыгы эске алынды.

 

Окутуу эл аралык эксперттердин катышуусу менен башталып, катышуучулар заманбап технологияларды, инновациялык өсүмдүктөрдү коргоо ыкмаларын, ошондой эле маркетинг жана бренд түзүү боюнча негизги көндүмдөрдү өздөштүрүштү. Бишкек жана Ош шаарларындагы практикалык машыгууларда катышуучулар талаа изилдөөлөрүнө катышып, тамчылатып сугаруу жана биологиялык коргоо системалары менен таанышышты.

Программа ошондой эле катышуучулар үчүн эл аралык компаниялар менен байланыш түзүүгө уникалдуу мүмкүнчүлүк берди. Бул компаниялар сапаттуу көчөттөрдү, биопрепараттарды жана агротехнологияларды өндүрүү жана жеткирүү менен алектенет. Ушундай кызматташтык Кыргызстандын жемиш өстүрүү тармагын өнүктүрүүгө чоң өбөлгө түзөт.

Кыргыз Республикасынын Жашылча-жемиш ассоциациясы программаны кийинки этаптарда улантып, тереңдетилген окууларды жана практикалык тренингдерди уюштуруп, жаңы муундагы адистердин профессионалдык коомчулугун түзүүгө ниеттенүүдө.