Бирге өнүгөлү: туруктуу каржылоо аркылуу дыйкандарды өндүрүштүк-сатык чынжырчаларына интеграциялоо.

Бирге өнүгөлү: туруктуу каржылоо аркылуу дыйкандарды өндүрүштүк-сатык чынжырчаларына интеграциялоо.

21-февралда Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинде “Кошумча нарк чынжырларын” долбоорунун эксперттеринин Республиканын Ун тегирменчилер ассоциациясынын кызматкерлери жана мүчөлөрү менен жумушчу жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө долбоордун эксперттери Алмаз Давлетов жана Виктор Кирияк катышуучуларга стандарттардын жана продукцияны сертификациялоо схемаларынын маанилүүлүгү жана өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып беришти.

Жолугушуунун катышуучулары сапатты башкаруу жана тамак-аш азыктарынын коопсуздугун сертификациялоо схемалары, кандай стандарттар жана сертификация схемалары бар – долбоордун техникалык жардамы аркылуу продукцияны өндүрүүчүлөргө стандарттарды жана сертификация схемаларын киргизүүдө ким жана кантип жардам бере алат деген суроолорго жооп алышты.